Жанылыктар

Эл аралык долбоорлордун жыйынтыгын таркатуу

2023-жылдын 19-декабрында география илимдеринин доктору, профессор Абдурашит Низамиев Ош мамлекетик университетинин табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине Ерасмус+ программасынын «Армения жана Кыргызстанда географиялык маалыматтык технологиялар тармагында дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын өнүктүрүү жана изилдөө тармактарын бекемдөө» (GeoTAK) аттуу долбоордун аткарылышы боюнча семинар өткөрдү. Долбоордун жыйынтыктарын жайылтуу максатында А.Низамиев төмөнкү багыттарды белгиледи: географиялык маалыматтык технологиялар (ГИС) чөйрөсүндө ЖОЖдон кийинки жогорку билим берүү программаларын өнүктүрүү жана Европа, Армения жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий-изилдөө жана инновациялар тармагындагы байланыштарды чыңдоо; биргелешкен инновациялык долбоорлорду илгерилетүү үчүн ар бир өнөктөш өлкөдө илимий байланыштарды түзүү; инновацияны аймактык өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн ГИСтин актуалдуу темалары боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн окутуучуларын окутуу; Болон процессинин стандарттарына ылайык жогорку билим берүү темалары боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү; ЖОЖдордун потенциалын жогорулатуу үчүн дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын (курстарды жана биргелешкен докторантура программаларын) түзүү; эл аралык тажрыйба жана пикир алмашуу. Жыйындын соңунда суроолор берилип, аларга ар тараптуу жооптор алынды.
486 09:47 21-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|