Жанылыктар

Эл аралык долбоорлордун жыйынтыктарын жайылтуу

2023-жылдын 28-29-декабрында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табигый-тилимий билим берүү багытынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери Эразмус+ программасынын “Развитие междисциплинарных программ последипломного образования и укрепление исследовательских сетей в области геоинформационных технологий в Армении и Кыргызстане” долбоору боюнча семинар өткөрүштү. Армения менен Кыргызстанда географиялык маалыматтык технологиялар тармагында программаларды жана изилдөө тармактарын бекемдөө» (GeoTAK) боюнча жолугушуу болуп өттү. Лекцияны география илимдеринин доктору, профессор Абдурашит Низамиев, география илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Гулиза Момошева окушту. Долбоордун жыйынтыгын жайылтуу максатында долбоордун негизги багыттары белгиленди. Жыйындын соңунда суроолор берилип, ар тараптуу жооптор алынды.
439 07:03 30-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|