Жанылыктар

Мал чарбачылыгы жана ветеринардык медицина тармагында КЭР ЖОЖдору менен тажрыйба алмашуу

17-январдан 20-январга чейин билим берүү программасынын жана академиялык мобилдүүлүктүн алкагында биргелешип илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жана мал чарбачылыгы жана ветеринария жаатында конок лекция болуп өттү. Кытай Эл Республикасынын Тарим университетинин мал чарба жана Технология факультетинин профессору, айыл чарба илимдеринин кандидаты Мукантаева Гимингул Мукантаевна Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин коногу болду. Иш - чаранын жүрүшүндө Кыргыз жылкыларынын генетикалык материалын андан ары изилдөө жана генофондун сактоо үчүн биологиялык материал (кан) алуу максатында Чоң-Алай районуна саякат уюштурулду. Ошондой эле бодо малдан, майда малдан жана тооктон үлгүлөр (кан) алынган. Кызматташтыктын бул түрү студенттерге жана мал чарбачылыгы жана ветеринардык медицина жаатындагы жаш адистерге көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы тажрыйбаларды берет.
448 08:50 22-01-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|