Жанылыктар

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде иш берүүчүлөр менен кезектеги иш-чара

2024-жылдын 17-январында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин деканы, профессор Низамиев А.Г. Ош шаарындагы окуу жайлардын географтары менен жолугушту жана мектеп географиясынын азыркы абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө талкуу өткөрдү. Талкууга Абдрахманова Нурийла Абийбуллаевна, Ош шаарындагы № 17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын директору; Акматов Жоомарт Алдыраманович, Ош шаарындагы №18 А.Навои мектеп-лицейинин директору; Ураимова Майрамкан Сатаралиевна, Ош шаарындагы № 33 С.Алыкулов атындагы орто мектебинин директору; Калмурзаева Рахила Шадыбековна, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу; Токтобаева Света Сыргаковна, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин табигый илимдер кафедрасынын улук окутуучусу катышты. Мектеп географиясынын окуу программасын азыркы заман талабына карата кардиналдуу өзгөртүү, ага ЖОЖдордун географ-окумуштуулары сөзсүз катышуусу зарылдыгы белгиленди. Аталган адистерге география билимин жайылтуудагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз географиялык коомунун Ардак грамоталары тапшырылды.
410 04:03 18-01-2024

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|