Жанылыктар

“Жылдын Кушу 2022” Эл аралык долбоорго Ош мамлекеттик университетинин студенттери катышты

2022 – жылдын 14 – апрелинде Казакстан Республикасынын Астана шаарында “Жылдын кушу 2022” долбоорунун негизинде онлайн форматында Эл аралык конкурс өткөрүлдү. Бул долбоорго Россия Федерациясынан Москва мамлекеттик университетинин жана Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин, Өзбекстан Республикасынан Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин, Казакстан Республикасынан Абай атындагы Казакстан улуттук педагогикалык университетинин жана Кыргыз Республикасынан Ош мамлекеттик университетинин 2-3 - курстарынын студенттеринен түзүлгөн командалар катышып, даярдалган презентацияларын тартуулашты жана калыстар тарабынан берилген суроолорго жоопторду беришти.

Калыстар тобунун чечими менен Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинен түзүлгөн команда 2-орунга ээ болушту.

Андыктан, бул команданын илимий жетекчиси, б.и.к., зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкааров Абдиманнап Момуновичти, аталган факультеттин 520200 Биология багытынын 2-курсунун БИО-1-20 (р) тайпасынын студенттери Артемова Дарья Денисовнаны, Саидикрамова Азиза Алишеровнаны, Моминова Хушрой Яхёжановнаны, Тургунбаева Асель Нурланбековны жана 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын 2-курсунун студенттери - Азаматбекова Нурай Азаматбековнаны, Тешабаева Машхура Умиджоновнаны Эл аралык масштабдагы конкурска активдүү катышып, байгелүү орунга ээ болушкандыгы үчүн куттуктайбыз жана аларга бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

250 16:49 14-04-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|