Жанылыктар

Поморск академиясынын ректору менен студенттердин жолугушуусу

Поморск академиясынын ректору менен студенттердин жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 28-сентябрь күнү Польшанын Слупск шаарындагы Поморск академиясынын ректору, биология илимдеринин доктору, профессор Збигнев Осодовский (Zbigniew Osadowski) менен Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 520200 Биология жана 550100 Табигый-илимий билим берүү (Биология профили) багыттарынын студенттеринин жана зоология жана экология кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамаатынын жолугушуусу болуп өттү.

Ректор Збигнев Осодовск Поморск академиясынын окуу базасы, структурасы, окуу-илимий иштери менен тааныштырды. Ош мамлекеттик университети менен түзүлгөн келишимдин негизинде бакалавриат жана магистратура боюнча кош дипломдуулук, мобилдүүлүк жана окутуучулар менен иш тажрыйба алмашуу тууралуу кызуу баарлашуу ишке ашты. Зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкааров Абдиманнап менен кош дипломдуулук боюнча бирге окуу планын иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

118 16:47 29-09-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|