Жанылыктар

Поморск академиясынын ректору менен жолугушуу

2022-жылдын 28-сентябрь күнү Польшанын Слупск шаарындагы Поморск академиясынын ректору, биология илимдеринин доктору, профессор Збигнев Осодовский (Zbigniew Osadowski) жана география илимдеринин доктору, профессор Янь Кирвель (Jan Kirwiel) менен ОшМУнун зоология жана экология кафедрасынын башчысы, доцент Абдыкааров Абдиманнаптын жана б.и.к., доцент Абжамилов Сапарбайдын илимий иштер боюнча пикир алышуусу болуп өттү. Абдыкааров А.М. жана Абжамилов С.Т. Кыргызстандын омурткалуу жаныбарларынын биоартүрдүүлүгү, алардын гетерогендүүлүгү, эндемик түрлөр боюнча маалыматтарды беришти. Коноктор биздин тоолуу экосистемаларыбызга, алардагы биоартүрдүүлүккө кызыгаарын жашырышкан жок. Жолугушуунун акырында бирге илимий изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүлөр ишке ашты.

94 16:52 29-09-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|