Жанылыктар

520200 Биология багытынын студенттери менен 520200 Биология багытынын негизги билим берүү программасын талкуулоо иш чарасы

2022-жылдын 6 декабрь күнү Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин 520200 Биология багытынын студенттери менен 520200 Биология багытынын негизги билим берүү программасын талкуулоо иш чарасы уюштурулду

Иш чарага профессордук-окутуучулук курамдан 520200 Биология программасынын жетекчиси, б.и.к., доцент Абдыкааров А.М., б.и.к., доцент Стамалиев К.Ы., б.и.к., доцент Каримов Б.А., б.и.к., доцент Абжамилов С.Т., б.и.к., доцент Юлдашова О.М., б.и.к., доцент Көчөкнбаева Н.А., окутуучу Маткеримова Ф.К., БИО(б)-1-22, БИО(б)-1-21 БИО(б)-1-22 тайпаларынын студенттери катышты.

Алгач, Абдыкааров А.М. 520200 багыттын негизги билим берүү программасы, анын максаттары, окутуунун натыйжалары, предметтерди калыптандыруучу компетенциялар, окуу пландары жана жумушчу окуу пландары менен тааныштырды.

Студенттердин сунушу боюнча кесиптик ишмердүүлүктүн (илимий-изилдөөчүлүк, илимий өндүрүштүк жана долбоорлук, уюштуруучулук жана башкаруучу, педагогикалык) милдеттери жөнүндө кенен таанышуу ишке ашты.

Андан ары студенттердин сунуш-пикирлерин эске алуу менен педагогикалык ишмердүүлүккө шарт түзүү багытында 2023-2024 – окуу жылга карата окуу планга кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды. Тактап айтканда студенттер тарабынан “Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү” жана “Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү” предметтеринин ордуна “педагогика” жана “психология” предметтери сунушталды.

141 13:55 14-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 >|