Haber

Практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусу

2024-жылдын 15-февралында ОшМУнун МИТ факультетинде иш берүүчүлөр менен биргеликте “Практикада студенттердин кесиптик компетенцияларынын калыптануусу” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга мамлекетибиздин түштүк региону боюнча кырктан ашуун мекеме-ишканалардын, бизнес уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, чет өлкөлүк өнөктөш Ташкент маалымат технологиялар университетинен коноктор катышып, баяндамаларды жасашып, заман талабына зарыл адистерди даярдоого олуттуу сунуштарын беришти. Семинардын жүрүшүндө ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Н.К. Омуров, ОшМУнун инвестиция жана экономикалык өнүгүү боюнча проректору К.К. Токторов, ОшМУнун практика жана карьера борборунун жетекчиси Т.К. Матикеев, доцент А. Батыралиевдер сөз сүйлөштү жана ОшМУнун практика жана карьера борборунун улук инспектору
А. Маткалыков, МИТ факультетинин кафедра башчылары А.Ө. Келдибекова,
А.Ж. Кудуев, Б.А. Азимов, А.М. Токторбаев, У.З. Эркебаевдер практиканын түрлөрү, өтүлүшү жана максаттары тууралуу баяндамаларды жасашты. Бул иш-чаранын модератору болуп, факультеттин деканынын милдетин аткаруучу, доцент
Т.М. Жолдошов иш алып барды. Иш-чаранын жыйынтыгында бир нече ишканалар менен келишимдерге кол коюлуп, меморандум түзүлдү, резолюция кабыл алынды. Семинар факультеттин практика боюнча жооптуусу З.Ж. Мурзакматова тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду.
501 12:56 16-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|