Haber

Киберспортко карай жаңы кадам.

Кыргыз Республикасында биринчи жолу студенттер арасында ОшМУнун алдындагы МФТИТ институтунда киберспорт боюнча турнир уюштурулду. Мелдеш PUBG MOBILE дисциплинасы боюнча онлайн форматта өттү. Турнир КМИГД кафедрасы тарабынан КРнын киберспорт федерациясынын Оштогу өкүлчүлүгү жана Respawn eSports киберспорт каналы менен биргеликте уюштурулду.
Pubg Mobile турнирине МФТИТ институтунун студенттеринен куралган жалпы 18 команда катышып, 4 картада (оюн) болду. Ар бир картанын жыйынтыгы менен жалпы жыйынтык эсептелип, жыйынтыгында Ensemble eSports командасы 1- орунду, SkillHub командасы 2- орунду, ал эми 3- орунду Team Legends командасы жеңип алды.
Оюун жогорку деңгээлде болуп, ага Кыргызстандагы Топ 10дука кирген киберстортчулар дагы катышып, оюун көргөзүштү.
395 02:54 12-03-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|