Haber

Түшүндүрүү иштери

20-февраль күнү башкы корпустун чоң актылык залында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Самат Ашимжанович , жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкери Мурзабеков Исакбай Камалович , кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Жумабай уулу Ибрахим, ОшМУнун Коопсуздук кызмат болумунун башчысы Арзиев Нурлаким Маматкулович студенттер менен жолугушуп төмөнкүдөй суроолорду жана маселелерди талкуу кылышты :

ОшМУнун коопсуздук кызматы:

1. Университетте жүрүм-турумдун ички эрежелеринин талаптарын түшүндүрүү, тартипти сактоо жана укук бузууларга жана бейбаштыкка жол бербөө.

2. Тарбиялык жана дисциплинардык мүнөздөгү коомдук тартипти бузуучуларды окуу жайдан чыгарууга чейинки көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.

3. Жасалган кылмыш үчүн жазалардын даражаларын жана түрлөрүн белгилөөчү кылмыштардын түрлөрүн аныктоочу жазык мыйзамдарынын ченемдери;

4. Мыйзам ченемдери жана тигил же бул жосундар жана кылмыштар үчүн жазанын даражасы. Кенже курстун студенттеринен акча чогултуу, ошондой эле формалдуу эмес топторду уюштуруу же аларга кошулуу үчүн жазанын сөзсүз болушу;

Ош шаарынын ИИБ кызматкерлери:

1. Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "опузалоо", "киши өлтүрүү", "өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү", "зордуктоо", "үй-бүлөлүк зомбулук", "кылмыштуу коом түзүү же ага катышуу", "никеге туруу максатында адамды уурдоо", "улуттар аралык кастыкты козгоо" ж. б. беренелери боюнча классификацияланган өспүрүмдөр жана жаштар кылмыштары жөнүндө түшүнүктөр.;

2. Укук бузууларга жол берген адамдарды эсепке алуу боюнча ИИБ КИИнин ченемдери жана көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү:

1. Диний иш жана конфессиялар аралык мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

2. Кыргызстандын аймагында тыюу салынган террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын тизмеси;

3. Кыргызстандагы жаштардын радикалдашуусунун себептери;

4. Террористтик уюмдардын катарына жаштарды тартуу ыкмалары;

5. Экстремизм жана терроризм идеологиясынын таасиринен кантип сактануу керек?

247 08:06 22-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|