Haber

PhD, инженер-программистЭмиль Билгазиев менен жолугушуу

19-февраль күнү PhD (информатика тармагында), Meta(Facebook) компаниясында бөлүмдүн техникалык башчысы, Америка технология институтунун негиздөөчүсү инженер-программист Эмиль Билгазиев Ош мамлекеттик университетиндеги атайын “IT” багытында окуп жаткан студенттери, магистрлери, докторанттары жана окутуучулук курам менен баарлашууга чакырылган. Дүйнөнүн мыкты IT компанияларда эмгектенген тажрыйбалуу адис өзүнүн чет өлкөдө топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүп, “келечектеги программисттерге” өзүнүн кеңештерин айтып өттү. Жолугушууда студенттер кызыктуу суроолоруна жооп алышты.

Иш-чаранын алкагында Эмиль Билгазиев ОшМУнун ректор К.Г. Кожобеков, санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректор У.Д. Молдояров жана МИТ факультетини деканынын м.а. Т.М. Жолдошовтор менен жолугуп, окуу жайдын маалыматтык технологиялары, санариптештирүү багытындагы жүрүп жаткан иштери менен дагы таанышты.

Эмил Билгазиев Ош областына караштуу Ноокат районунда төрөлгөн. Мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы лицейде окуп, математика жана физикага кызыгуусу артып, бул сабактарды жакшы өздөштүргөн. Шаардык, облустук олимпиадалардан алдыңкы орундарды алып, физика сабагы боюнча Республикалык олимпиадага чейин жеткен. Окууну аяктаган соң 2001-жылы Манас университеттинин “Компьютердик инженерия” багытына тапшырып 2005-жылы окууну аяктаган. Андан кийин апасынын колдоосу менен АКШда Хьюстон университетинде информатика боюнча магистратура, докторантурада (PhD) окуп, ийгиликтүү аяктаган. Дүйнөдөгү белгилүү SHEEL, LINKEDIN, UBER, SNAPCHAT, META сыяктуу компанияларда эмгектенген.


322 03:43 20-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|