Урматтуу кесиптештерим, студент досторум.

Университеттин ректору катары коомдогу, дүйнөдөгү окуяларга, билим берүүдөгү тенденцияларга карата, канткенде университетти өнүктүрөбүз деп бардык жагдайга сергек акыл калчап, ой жүгүртүүгө аракеттенем. Келечекте университетте боло турган жаңылыктарды, жакшылыктарды, демилгелерди Сиздер менен бөлүшсөм деп ниет кылдым. Баарыбыз үчүн ыйык болгон ОшМУ жөнүндөгү ойлорума кошуласыз деп ишенем.

Рубрика "Слово ректора"

Мыкты университеттердин рейтинги кантип аныкталат

Бүгүнкү күнү эң мыкты делген универститеттерди аныктоо үчүн атайын жылына өткөрүлүп туруучу рейтингдер бар, алар жыл өткөн сайын жаңыланып, объективдүү баалоонун жаңы методдорун киргизип келишет.

Рейтингдерди аныктоонун тарыхы жөнүндө кыскача кеп кыла турган болсок, эң алгачкы рейтинг 1983-жылы US News & World Report журналы тарабынан жасалган жана ал билим берүүнүн ааламдашуусунун биринчи белгилери болгон.

Ошентип 1980-90-жж. башталган бул демилге бүгүнкү күнү ЖОЖдордун рейтингин аныктоочу негизги инструментке айланды десек жаңылышпайбыз. 1997-жылдан тартып Азия жана Тынч океан чөлкөмүндөгү универститеттердин рейтингин аныктаган Asia week журналынын изилдөөсү 2001-жылы саясий пикир келишпестиктерден улам токтогонго мажбур болуп ошону менен бирге эле бул сферадагы бир топ маселелерди ачыктаган жана олуттуу даярдыксыз бул ишти баштоо мүмкүн эмес экендигин көрсөткөн . Бул ийгиликсиз тажрыйбадан кийин 2003-жылы гана Шанхай университети Алдынкы университеттердин глобалдык академиялык рейтингин аныктоо системасын ишке киргизген (Academic Ranking of World Universities) ARWU. Негизги өзгөчөлүгү бул рейтинг университеттердин илим изилдөөдөгү жетишкендиктерин алты көрсөткүч боюнча баалап, жеңүүчү окуу жайы 100 балга ээ болот. Кызыгы, бул жолу да алдыңкыларды аныктоо кайрадан эле Азияда башталган. Албетте кыйынчылыктар болбой койгон жок, айталы 2004-жылдан баштап «TSL Education Ltd», жана Quacquarelli Symonds уюмдары тарабынан өткөрүлүп, жыйынтыктары «The Times Higher Education» журналына жарыяланып келген - QS-THES (2009-ж. - THE-QS) баалоо системасы академиялык чөйрөнүн катуу сынына кабылган соң, балоо принциптерин кайрадан карап чыгууга мажбур болуп, жыйынтыгында компаниялар өз алдынча иштеп калышкан. Буга байланыштуу 2010-ж. сентябрь айынан баштап жаңы THE World University Rankings (THE) системасы чыгып баштады. Ошентип бүгүнкү күнгө карай эл аралык академиялык коомчулук тарабынан таанылган беш - ARWU, THE, QS, Web и PRSP глобалдык рейтинг системалары иштейт. Алар бири биринен фундаменталдык жактан айырмаланбаган менен ошол эле учурда өзгөчөлүктөрү менен айырмаланышат.

Мисалы, Webometrics (Ranking Web of World Universities) негизинен университеттердин виртуалдык-маалыматтык алкактагы аракеттерин, университеттердин сайттарын баалап баштаган, жана башка рейтингдерден көбүрөөк сандагы окуу жайларды тартуусу менен айырмаланат. Ошондой эле бул система авторлордун ою боюнча университеттерди бөлүп айырмалабастан, тескерисинче алардын академиялык материалдарын жеткиликтүү кылуу демилгеси болуп эсептелет. Ал эми Тайвань Республикасынын жогорку билим берүүнү баалоо жана аккредитациялоо Кеңеши тарабынан демилгеленген PRSP (Performance Ranking of Scientific Papers for World Universities) рейтинги дүйнө жүзү боюнча 500 окуу университеттин илимий ишмердүүлүгүн баалап, ошонун негизинде жыйынтык чыгарат. Мындан сырткары жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгек рыногунда ээлеген ордуна жана карьералык өсүшүнө басым жасаган «Professional Ranking of World Universities» рейтингин айтсак болот (École nationale supérieure des mines de Paris, Франция). Ал эми THE World University Rankings (THE) системасы Web of Science, Thomson Reuters жыйнактарынын базасында жарыяланган макалаларга берилген шилтемелердин көрсөткүчү, Илимий-изилдөө иштеринин репутациясы жана көлөмү, окутуунун бааланышы жана билим берүүнүн шарттары сыяктуу критерийлерге маани берет.

КМШ өлкөлөрү да бул процесстерден четте калбастан өзунчө рейтинг аныктоо аракетерин жасап келет. Айта турган болсок орусиялык-армениялык “АркаЛер” рейтингдик долбоору башкалардан айырмаланып турат, бул агенттик ЖОЖдорду алардын сайттарындагы маалыматтардын коомчулук тарабынан пайдалангандыгы, аларга канчалык шилтеме бергендиги менен аныктайт жана эң ириде адам капиталына, уюштуруучулук жөндөмүнө баа берет.

Ошондой эле 2009-ж. баштап Москва мамлекеттик университетинин консультациялык жардамы менен «РейтОР» уюму тарабынан «Global Universities Ranking»; GUR рейтинги чыгып келүүдө. Анын негизги өзгөчөлүгү билимдин сапатын ЖОЖдун комплекстүү мүнөздөмөсү катары кабыл алуу сунушу. Ал үчүн университеттин окуу жана илимий иштери коомчулук тарабынан таанылып, окутуучулук курам компетенттүүлүгү менен айырмаланып, материалдык-техникалык базасы заманбап болуусу жана бүтүрүүчүлөр эмгек базарында алдыңкы орунда болуусу шарт. Ал эми Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын кадыр-баркын аныктаган атайын уюмдар жок. Ошол эле мезгилде официалдуу болбогон, кайсы окуу жайдын эл арасында белгилүү экендигин аныктаган бир нече көрсөткүчтөрдү айтсак болот. Айталы, учурда ата-мекендик жождордун рейтинги окутуунун, бүтүрүүчүлөрдүн сапаты жана тапшыруучу абитуриенттердин санына жараша чыгарылып келет.

2013-ж. Республикалык билимди баалоо борбору өлкөбүздөгү алдыңкы 40 окуу жайынын арасында абитуриенттердин эң көп тандоосуна татыган окуу жайлардын рейтингин чыгарган. Жыйынтыгында биринчи орунга Ош мамлекеттик университети чыккан. Демек, Кыргызстанда университеттердин рейтингин чыгарууда колдонула турган атайын критерийлер жокко эсе деп айтсак болот. Андыктан ЖОЖдордун арасындагы атаандаштыкты күчөтүп, билим берүү, илим изилдөө, сапаттык, бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуусу, окутуучу-илимпоздордун эмгектерине, университеттин сайтына шилтемелердин көп болушу жана башка бир топ жагдайлар боюнча баалай турган атайын критерийлердин иштелип чыгышы заман талабы болуп турат. “Таймс” журналынын изилдөөсүнө караганда Батыш университтери акырындап Чыгыш университеттерине жол бошото баштады. Мыкты кадыр-баркка жетүү үчүн албетте көптөгөн жылдарды, балким кылымдарды талап кылат, бирок бүгүнкү маалыматка бай, карым-катнаш күчөгөн мезгилде университеттер мурдагы тарыхына ишенип эле олтуруп калбастан атаандаштыкка даяр болуш керек. Жаңы, күчтүү окуу жайлардын пайда болуусу, алсыз, начар жактарды тез эле байкатып коёт.

Кыргызстанда билим сапатына ылайык университеттердин рейтингин реалдуу чыгаруу иштери али баштала элек.

ОшМУнун ректору,ф.и.д.,

профессор К.А.Исаков


               

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|