Урматтуу кесиптештерим, студент досторум.

Университеттин ректору катары коомдогу, дүйнөдөгү окуяларга, билим берүүдөгү тенденцияларга карата, канткенде университетти өнүктүрөбүз деп бардык жагдайга сергек акыл калчап, ой жүгүртүүгө аракеттенем. Келечекте университетте боло турган жаңылыктарды, жакшылыктарды, демилгелерди Сиздер менен бөлүшсөм деп ниет кылдым. Баарыбыз үчүн ыйык болгон ОшМУ жөнүндөгү ойлорума кошуласыз деп ишенем.

Рубрика "Слово ректора"

“Кампустук карта” ОшМУнун коопсуздугун бекемдейт

Дүйнөдө, региондо адамдардын коопсуздугу эң башкы орунга чыгып жатканда дүйнөлүк университеттерде колдонулуп жаткан “Кампустук карта” долбоору университеттеги коопсуздук чараларын күчөтөт жана бекемдейт. Ошондуктан Ош мамлекеттик университетинде “Демир Банктын” колдоосу менен университеттин бардык окуу корпустарына, жатаканаларына “Кампустук карта” долбоорун киргизип жатабыз. Университетте иштеген окутуучуга жана кызматкерге, билим алган студенттерге кампустук карта берилет. Университеттин баардык окуу корпустарына кирүүчү жана чыгуучу жерлерге коопсуздук турникеттери коюлат.

• Кампустук карта студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет:

1) Университеттин аймагына кирүүгө мүмкүнчүлүк берет;

2) Студенттик билеттин кызматын аткарат;

3) Китепканаларда окурмандык билеттин ролун аткарат;

4) Электрондук зачёттук китепче кызматын аткарат;

5) Университеттин интернет түйүндөрүнө кошулууга жана компьютердик кызматтарын колдонууга уруксат берет;

6) Студенттик ашканада төлөмдөрдү накталай эмес эсептешүүдө жардамы тийет; 7) Студент үчүн университеттин аймагында эң негизги жеке идентификациялык документ катары кызмат кылат;

8) Университеттин электрондук башкаруусун түзүүгө жол ачат жана мындан башка мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтсе болот.

• Кампустук карта окутуучу жана кызматкерлер үчүн төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

1) Университеттин аймагына кирүүгө;

2) Университеттин аймагында жүргөн убактыларын тактоого;

3) Университеттин бардык кызматтарынан пайдаланууга;

4) Айлык акыларын которууга;

5) Окутуучу жана кызматкер жөнүндө жеке идентификациялык маалыматтардын базасын түзүүгө;

6) Коммуналдык төлөмдөрдү төлөөгө;

7) Уюлдук байланышты толуктоого;

8) Керектүү буюмдарды сатып алууга;

9) Университеттин аймагындагы унаа токтоочу жайлардан пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Кыскача айтканда, азыркы заманбап университеттерде кампустук карта университеттин жашоосунун эң негизги бөлүгүнө айланган. Бул долбоордун эң негизги максаты-университеттин аймагындагы коопсуздукту сактоого, окутуучулардын,кызматкерлердин жана студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле ар бир окутуучунун, кызматкердин жана студенттин учурдагы натыйжалуу иштөөсүн көзөмөлдөөчү функцияга ээ. Финансылык которууларды иш жүзүнө ашыруучу, ар бир окутуучу, кызматкер жана студент жөнүндө жеке идентификациялык маалымат базасын түзүүгө шарт түзгөн, университеттин башкаруу жана аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен долбоор болуп саналат.

Ош мамлекеттик университетинде ушул долбоорду турмушка ашыруу боюнча иштерди аяктап, тиешелүү даярдыктарды жасап жатабыз.


               

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|