Урматтуу кесиптештерим, студент досторум.

Университеттин ректору катары коомдогу, дүйнөдөгү окуяларга, билим берүүдөгү тенденцияларга карата, канткенде университетти өнүктүрөбүз деп бардык жагдайга сергек акыл калчап, ой жүгүртүүгө аракеттенем. Келечекте университетте боло турган жаңылыктарды, жакшылыктарды, демилгелерди Сиздер менен бөлүшсөм деп ниет кылдым. Баарыбыз үчүн ыйык болгон ОшМУ жөнүндөгү ойлорума кошуласыз деп ишенем.

Рубрика "Слово ректора"

Марат Исаев - жаңы Кыргызстандын жаранынын үлгүлүү образы

Москвада иштеп жүргөн карапайым кыргыз жигити жакында атуулдук эрдик жасады. Марат Исаев аттуу жердешибиз Москванын метросунда эстен танып рельске жыгылган орус аялын өлүмдөн сактап калды. Бул адам өмүрүн сактап калган ишке кыргыз жигити менен кошо орус полицейи да катышып, азыр бардык жерде бул окуя кызуу талкууну жаратып жатат.

Орус полицейи бул ишке өзүнүн кызматтык милдети катары катышууга жоопкерчиликтүү болчу. Алгач бул сактап калууга катышкан кыргыз жигити Марат Исаев жөнүндө анча сөз болбой, бир-эки күн маалымат каражаттарынын көз жаздымында калды. Окуяны көргөн күбөлөрдүн тартып алган видеоматериалы боюнча белгисиз мигрант деген гана маалыматтар чыкты. Бирок социалдык тармактардын күчүн караңыз, коомчулуктун катуу басымынан улам, бул бейтааныш мигрант жигитке көңүл бурулду. Ал Кыргызстандык жаран - Марат Исаев экендигин эки, үч күндөн кийин Россиянын 1-каналы берүүгө аргасыз болду. Ага Президентибиз А. Атамбаев, Москвадагы кыргыз элчилиги атайын көңүл бөлүп, өздөрүнүн материалдык да, моралдык да сыйлыктарын беришти. Бул жагы аябай жакшы болду.

Эми мындай суроолор жаралат. Эмне үчүн кыргыз жараны өзүнүн өмүрүн тобокелчиликке салып, башка адамды, башка өлкөнүн жаранын сактоого бел байлады? Эмне үчүн жарданып турган 30-40ка жакын адамдар байкоочу болуп карап турушту да, видеого тартууга үлгүрүшүп, бирок эмне үчүн сактап калууга аракет кылышпады? Эмне үчүн москвалыктар мигрант деп анча жылуу жумшак мамиле кыла бербеген кыргыз жараны бул атуулдук эрдикке ойлонбой туруп, дагы бир жолу кайталап айткым келет, өз өмүрүн кылдын учуна байлап коюп, бул сооптуу ишти жасады? - деген суроолор биринин артынан бири жаралат. Себеби, бул окуяда башкалар байкоочу болуп турганда, кыргыз жигити адам өмүрүн сактоочу болуп жатпайбы.

Мен бул окуя аркылуу ашкере кыргыз жигитин мактаган сөздөрдү айткым келбейт. Бирок чындыкты, бул окуянын маанисин айткым келет. Ар бир кыргыз жигити үй-бүлөсүндө: “Балам ар намыстуу бол, башкаларга жардамга колунду сун, элге жакшылык кыл, коркок болбо”, - деген сөздү ата-энесинен угуп, мындай нарк насилди кан-жанына сиңирип чоноёт, эр жетет. Бизде үй-бүлөлүк тарбия ушундай эмеспи. Марат Исаев да ата-энесинен ошондой мыкты тарбияны алганы көрүнүп турат. Ошондуктан ал борбордук телевидениедеги интервьюларында бул ишти жөн гана адамдык парзым эле деп, кыргыздардын турмушундагы кадыресе эле көрүнүш катарында түшүндүрүп жатат. Ошол аркылуу өзүнүн инсандык мыкты деңгээлин көрсөтүп жатат.

Анткени анын жан дүйнөсүндө буга ички даярдык болгон, турмушта эрдик жасоого жүрөгүндө дайым орун бар эле. Ошон үчүн көз ачып жумгуча, өз өмүрү тууралуу эч ойлонбой туруп адамдын өмүрүн сактоого катышты. Анан бул иштен жеке кызыкчылык издебей эле, күндөгү адаттагы бир ишиндей көрүп, окуя болгон жерден кетип калган. Бул окуядан айрымдардай болуп кайтарым да күткөн эмес. Биз эми бул окуянын маанисин түшүнүп, аңдап жатабыз.

Бул эрдик менен Марат Россияда жана чет өлкөлөрдө жашоо кечирип жаткан миңдеген мигранттардын жүзүн эл алдында жарык кылды. Өзүнүн каармандыгы аркылуу башкалардын алдында кыргыз улутундагылардын сыймыктануу сезимин жаратты.

Буга чейин кыргыз мигранттары эптеп жашоо кечирип жүргөн жан бакты, кара күчүн сатып оокат кылган пенде деген түшүнүктөрдө жүргөн жергиликтүүлөрдүн алдында кыргыз жаранынын деңгээлин, зоболосун көтөрдү.

Эми жергиликтүүлөр кыргыз мигранттарына урмат сый менен мамиле кылбаса да, кыргыздардын билимдүү эл экендигин, намыстуу калк экендигин сезип калышты. Бир мезгилде Москваны Фрунзеден барган Панфиловчулар танк алдына боюн таштап коргосо, кыргыз жигити Москвада поезддин алдына жата калып москвалык аялдын өмүрүн сактады.

Азыр Президентибиз эгемендүү Кыргызстандын жаңы жаранынын образын жараталы деп коомчулуктун алдына тапшырма койду. Мына – Марат Исаев күчөтпөй айтканда, жаңы Кыргызстандын, ар намыстуу жаранынын үлгүлүү образы. Мындайча айтканда, Марат - кайсы бир адабий чыгарманын каарманы эмес, реалдуу турмушта жашаган, жакшылык жан дүйнөсүндө орногон ак пейилдүү кыргыз жигити. Мараттын атасы да, апасы да - чыныгы мектеп мугалимдери. Атасы Орозмат, апасы Дамира учурунда Ош мамлекеттик университеттинин кыргыз филология факультеттин аякташкан. Булар үй-бүлөсүндө уул-кыздарына мыкты тарбия беришиптир. Ушундай уулду тарбиялаган Мараттын атасы менен апасына миң ырахмат.

Кечээ да Санкт-Петербургда чөгүп бараткан баланы сактаган эки кыргыз жигити - Чыңгыз менен Эркиндин эрдиги боюнча маалымат каражаттары аркылуу бизге дайын болду. Бөтөн жер, бөтөн элде да кыргыздар атуулдук каармандыктын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Бул жакшы окуя - бизди сыймыктандырган ушундай окуялардын учугу улана берсин. Себеби кыргыз жигити өз өмүрүнөн коркпогон, чындыкка тике караган, ар намысты бийик туткан, атуул эмеспи.

(Кыргыз мигранттары жөнүндө, алардын оор тагдырлары жөнүндө маалыматтарды уга бербей, алардын жакшылыктарын да уга турган мезгилге келдик. Байыртан уул, кыздарыбыз бутуна туруп, үй бүлөсүн, тууган - уруктарын, эли-журтун багып келишкен. Ошол улуу салтты чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары татыктуу улантып баратышат).

Өз керт башынын кызыкчылыгынан жогору туруп элибиздин өсүп өнүгүшүнө ак дилден салым кошуп жаткан жаштарыбызга ыраазы болом. Ыракмат, силерге, бир туугандарым. Кайсыл жерде жүрсөңөр да, бар болгула! Силер жөнүндө жакшы кабарды уга берели.

Каныбек Исаков филология илимдеринин доктору, профессор


               

Рубрика "Слово ректора"

|< 1 2 3 4 >|