Кафедранын тарыхы
                  КАФЕДРАНЫН ТАРЫХЫ<
      Ош МУнун педагогика кафедрасы – университеттин тарыхы менен тамырлаш түптүү кафедралардын бири. Учурда кафедрада 5 илимдин кандидаты, доценттер, 6 улук окутуучу, 3 окутуучу – баары болуп 14 окутуучу эмгектенет.
      Тарыхый фактыларга таянуу менен педагогика кафедрасынын жаралуу жана өнүгүү жолуна сарасеп салып көрсөк: “Кыргызстан КП (б) БКнын 1939-жылдын 22-25-февралында болгон 3-съездинде кабыл алынган резолюцияда Ош шаарында мугалимдер институтун ачуу демилгеленген. Кыргызстан Эл комиссарлар Советинин 1939-жылдын 10-августундагы жыйынын № 1142 протоколунда Ош шаарында Ош мугалимдер институтунун ачылган” (Исаков К.А. ж.б. Ош мугалимдер институтунан башталган жол. – Ош, 2014, 3-б.). Кафедранын түптөлүү тарыхы да ошол жылдара туура келет. Ошол мезгилдерде педагогика жана психология предметтерин бир гана Акрам Ганиевич Кайбышев окуп баштаган.
      1944 – жылы педагогика кафедрасы түзүлүп, Кыргыз ССРнин Эл агартуу комиссариятынын сунушу менен Акрам Ганиевич Кайбышев кафедра башчасынын милдетин атккаруучу болуп дайындалган (Архив). Ошол жылдарда кафедранын окутуучулук – профессордук курамы үч кишиден турган.
      1948 – 1951 – жж. кафедраны М.Григорев жетектеген.
      1951-58-жылдары педагогика жана психология кафедрасы болуп уюштурулуп, психология илимдеринин кандидаты, доцент Г.С.Медельян башкарган. Кафедранын составында 1954-60-жылдары болочок көрүнүктүү партиялык, мамлекеттик ишмер Эмилбек Абакиров, илимдин кандидаты З.П.Игнатьева, улук окутуучулар Н.Старостина, Д.М.Лондон жана башкалар эмгектенишкен.
      1958-1971-жылдары кафедраны психология илимдеринин кандидаты, доцент В.И.Овчинников жетектеген. Кафедрада Б.Апышев, Ж.Бешимов, Т.Ормонов, Н.Е.Варламова, А.С.Ким, С.Токторбаев, Б.Тойбаев, К.Абидов, М.Абдулина, С.Салихова эмгек жолун башташкан.
      1971-73-жылдары кафедраны доцент Б.Тойбаев, 1974-76-жылдары доцент К.Жумабаев, 1977-79-жылдары доцент Ж.Бешимовдор башкарган. Ж.Бешимов кафедра башчысы болуп турган мезгилде, педагогика жана психология кафедрасы 2 кафедрага: жалпы ОГПИнин факультеттер аралык «Педагогика жана психология» жана педагогика факультетинин базасында уюштурулган «Педагогика жана психология» кафедрасы болуп бөлүнгөн. Ал эми экинчи кафедраны 1978-1985-жылдары доцент Т.Ормонов жетектеп келген.
      Т.Ормонов кандидаттык диссертациясын 1972-жылы Казань шаарында, Б.Апышев 1974-жылы Москва шаарында, Ж.Бешимов 1975-жылы Казань шаарында, ал эми К.Миңбаев 1976-жылы Ташкент шаарында кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргоп келишкен.
      1979-1987-жылдары кафедраны доцент Б.Апышев жетектеп, 1980-жылдан баштап таланттуу уюштуруучу, радикал-жетекчи ректор С.Жумагулов жөндөмдүү, аракетчил, изилдөөчү окутуучуларды бир, эки жылдык стажировкаларга Москва, Казань, Алма-Ата шаарларына жибере баштаган. Ал мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде педагогика, психология илимдери             боюнча окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн жоон тобу пайда болду. Алгач, К.Абдилакимов, У.Эгембердиев, К.Мурзаев, Ж.Алымкулов, Б.Тажикова, Ж.Орозбаев, А.Исаевдер, кийинчерээк: А.Батыралиев, Э.Иманкулова, Т.Жоробеков, А.Бердиевдер кандидаттык диссертацияларын жемиштүү коргошкон. Кафедранын илимий потенциалын жогорулатуу максатында окумуштуу-психолог А.Аманов кафедрага башка республикадан чакыртылып келинген.
      1987-жылы «Педагогика» жана «Психология» кафедраларына бөлүнүп, биринчисин 1987-1993-жылдары доцент К.Мурзаев жетектеген.
      Педагогика кафедрасын 1995-жылдан 2005-жылга чейин педагогика илимдеринин кандидаты, доцент А.Батыралиев, ал эми 2005 – 2017 – жылдар аралыгында кафедраны педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Б.Тажикова жетектеген.
      2017 – жылдын, июнь айынан бери педагогика кафедрасынын башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.С.Шадиев дайындалган.