Педагогикалык практика
  

I. Жалпы жоболор

1.1. Бакалаврды даярдоонун педагогикалык практикаларды өздөштүрүүнүн натыйжаларына коюлуучу талаптар.

«Бакалавр» академиялык даражасын ыйгарууга даярдоочу 550000 Педагогикалык билим берүү багыты боюнча педагогикалык практикалар бөлүмү ушул ЖКББ МББСнын 4.7. пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык НББПларда көрсөтүлгөн күтүлүүчү натыйжалардын нагизинде иштелип чыккан о.э. Ош МУнун педагогикалык багыттагы бардык факультеттерде бирдиктүү иш жүзөгө ашырылат (универсалдык компетенциялар бардык багыттарга бирдей, а.э. кесиптик компетенциялар профилдерге ылайык аныкталат).

Педагогикалык практикалардын максаттары, күтүлүүчү натыйжаларды компетенциялардын матрицасы, мазмуну, шарттары жана билим берүү технологияларын сапаттуу иш жүзөгө ашыруу төмөндөгүлөрдү камтыйт: силлабустарды даярдоо тартибин, окуу программаларын, тапшырмалар банкын, БКФ, педагогикалык практикаларды программалык камсыздоо, ошондой эле педагогикалык практикалардын сапатын көтөрүү.

1.2. Педагогиалык билим берүү багытындагы бакалаврдын “Педагогикалык практикаларды уюштуруп өткөрүү” программасын иштеп чыгууга негиз болгон нормативдүү документтер.

Бакалаврдын педагогикалык практикаларынын программасын иштеп чыгуунун нормативдик укуктук базасы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

-Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамы (30-апрель, 2003-жыл № 92, 28-декабрь 2006-жыл № 225 , 31-июль 2007-жылдагы № 111 , 31-июль 2007-жылдагы № 115 , 20-январь 2009-жылдагы №10 , 17-июнь 2009-жылдагы № 185 , 15-январь 2010-жылдагы № 2 , 13-июнь 2011-жылдагы № 42 , 8-август 2011-жылдагы № 150 , 29-декабрь 2011-жылдагы № 255 , 29-декабрь 2012-жылдагы № 206 , 4-июль 2013-жылдагы № 110 , 30-июль 2013-жылдагы № 176 , 5-ноябрь 2013-жылдагы № 199 , 16-декабрь 2013-жылдагы № 221 , 30-май 2014-жылдагы № 82 , 18-июль 2014-жылдагы № 144 , 16-январь 2015-жылдагы № 15 , 15-апрель 2015-жылдагы № 82 , 17-апрель 2015-жылдагы № 84 , 3-август 2015 жылдагы № 213 , 29-июня 2016-жылдагы № 92 редакциялары).

-Кыргыз Республикасынын Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамы ( 18-июль 2005-жылдагы №105 , 30-июль 2005-жылдагы № 117 , 28-декабрь 2006-жылдагы №210 , 25-июнь 2009-жылдагы №189 , 26-март 2010-жылдагы № 56 , 8-августа 2011-жылдагы № 150 , 15-январь, 2013-жылдагы №3 , 18-июль, 2014-жылдагы № 144 редакциялары).

-Кыргыз республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты 550000 педагогикалык багыт: бакалавр (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 1179/1 буйругу менен бекитилген).

-Ош мамлекеттик университетинин миссиясынын чегинде жана №5 бюллетенге о.э ОшМУнун стратегиялык өнүгүү программаларына, пландарына негизделген.

-Ички жана сырткы кызыктар тараптардын (стейкхолдерлердин) талаптары эске алынган.

1.3.Педагогикалык практикалардын максаттары жана күтүлүүчү натыйжалары.

Максат 1. Студенттерди мектептеги окуу-тарбия процесси, мектептен тышкаркы жана класстан тышкаркы тарбиялык иштердин уюштурулушу менен тааныштыруу, жалпы билим берүүчү мекемелерде тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча алгачкы практикалык көндүмдөрүнө ээ кылуу (Адаптациялык-педагогикалык практика).

Максат 2. Болочок мугалимдердин өзүнүн профили боюнча окутуучулук функцияны толугу менен аткарууга жана билим берүү мекемесинде окуучулар менен окуу-тарбиялык иштердин системасын класс жетекчиси катары ишке ашырууга о.э. психологиялык, педагогикалык, методикалык билимдерди системалаштырууга багыттоо (Кесиптик-базалык практика).

Максат 3. Студенттерде өздөштүрүлгөн универсалдык жана кесиптик компетенцияларды бышыктоо жана алардын билим берүү мекемесинде окуу-тарбия процессин өз алдынча жүзөгө ашыруусун камсыздоо, о.э. тандап алган багытына жана профилине ылайык илимий-изилдөө иштерин алып баруу билгичтиктерине ээ кылуу (Кесиптик-профилдик практика).

ПРАКТИКАНЫН КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАРЫ:

Күтүлүүчү натыйжалар

Компетенциялардын мазмуну

ПКН1

Окуучулардын билим берүү программмаларын өздөштүрүүсүнө байкоо салат, алардын ийгиликтерин жана кыйынчылыктарын анализдей алат.

-окутуунун заманбап, илимий жактан негизделген технологиялары аркылуу билим берүү процессин окуучулардын жетишкендиктерине, керектөөлөрүнө ылайык пландаштырууга жана ишке ашырууга жөндөмдүү (башкалардын жетекчилиги астында) (ЖК-2);

-изилдөөнүн планын иштеп чыгууга жана оӊдоп-түзөөгө, жыйналган маалыматтарды анализдөөгө жана интерпретациялоого /башкалардын жетекчилиги менен/ жөндөмдүү, колдонмо (прикладдык) илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү жүргүзүүгө даяр (ЖК-4);

-кесиптик маселелерди чечүү үчүн психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүктөрдү колдонууга даяр жана кесиптик ишмердүүлүгүндө педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууга жөндөмдүү (ПК-1);

- билим берүү процесси үчүн инсанга багыттап окутуунун принциптерине жана туруктуу өнүгүү үчүн (сергек жашоо образы, жаратылышты коргоо жана үнөмдүү пайдалануу, энергоэффективдүүлүк, маданий көп түрдүүлүк, гендер, инклюзив ж.б.) окутуунун принциптерине ылайык оптималдуу шарттарды түзүүгө жөндөмдүү (ПК-3);

ПКН2

Түрдүү предметтерди окуп үйрөнүү процессиндеги окуучулардын өзгөчөлүктөрүн диагностикалоонун инструментарийлерин өздөштүрүшөт.

-курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдердин бирдиктүү системасына ээ болот, адамдын жаратылыштагы, социумдагы ордун жана ролун, дүйнөнүн заманбап концепцияларын жана картинасын, көз караштар системасын түшүнөт, жашоодогу жана маданий баалуулуктарга багыт алууга жөндөмдүү (ЖК-1);

-математикалык/ табигый/ социалдык-гуманитардык илимдердин базалык жоболорун пайдалануу менен окуу жетишкендиктерин баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө, билим берүүнүн натыйжаларын болжолдоого жөндөмдүү (башкалардын жетекчилиги менен) (ЖК-3);

-үйрөнүүчүлөрдү окутуу жана өнүктүрүү үчүн, ар түрдүү курактагы үйрөнүүчүлөрдө сергек жашоо образынын, жаратылышты коргоонун, энергияны сактоонун, жаратылышты үнөмдүү пайдалануунун жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануунун көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн коопсуз (психологиялык, социалдык жана физикалык) билим берүү чөйрөсүн түзүүгө жөндөмдүү (СЛК-3);

-методикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмаларын (окутуунун моделдерин, методдорун, технологияларын жана жолдорун) билет жана окутуу сапатын баалоонун технологияларын колдонууга жөндөмдүү (ПК-2);

ПКН3

Кесиптик милдеттерди чечүү үчүн коомчулук менен билим берүү мекемелеринин жана тарбия процессинин башка субьектилери менен продуктивдүү карым катнаш түзө алат.

-өзүнүн оозеки жана жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзүүгө жөндөмдүү (ИК- 2);

-педагогикалык процесстин бардык субъекттеринин личносттор аралык позитивдүү жана конструктивдүү мамилелерин уюштурууга катышууга жөндөмдүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү (ИК-4);

-мектеп коомчулугунун деӊгээлинде личносттор аралык жана кесиптик толеранттуу мамилелерди түзө алат (СЛК-1);

-жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарынын негизинде сүйлөшүүгө даяр жана активдүү жарандык позицияны ээлөөгө жөндөмдүү (СЛК-5);

ПКН4

Универсалдык компетенциялардын негизинде өзүн кесиптик жактан өркүндөтүү милдетин чечет (түрдүү маалымат булактары менен иштөө жөндөмдүктөрү, социалдык-укуктук нормаларды сактоо ж.б.).

-маалыматты алуунун, сактоонун жана кайра иштеп чыгуунун негизги методдоруна, ыкмаларына жана каражаттарына, компьютер менен иштөө көндүмдөрүнө ээ (ИК-1);

-билим берүү процессинде үйрөнүүчүлөрдүн ден соолугун жана өмүр коопсуздугун коргоо боюнча шарттарды түзүүгө жөндөмдүү (ИК-6);

-көп маданияттуу коомдо мамилелерди жөнгө салуучу этикалык жана укуктук нормаларды сактоого жана үйрөнүүчүлөр үчүн алардын маданияттар аралык айырмачылыктарына карабастан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жөндөмдүү (СЛК-2);

-өз жетишкендиктерине жана кемчиликтерине сынчыл баа бере алат, кадыр-баркты өстүрүүнүн жана кемчиликтерди жоюунун каражаттарын тандай алат, жолдорун белгилей алат (СЛК-4);

ПКН5

Билим берүү процессинин компоненттерин долборлоо көндүмдөрүн пайдалана алат.

-кесиптик маселелерди чечүү үчүн психологиялык-педагогикалык компетенттүүлүктөрдү колдонууга даяр жана кесиптик ишмердүүлүгүндө педагогикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууга жөндөмдүү (ПК-1);

-үйрөнүүчүлөрдү социалдаштыруунун ыкмаларын, жолдорун, методикасын жана техникасын билет, үйрөнүүчүлөрдүн кесиптик өзүн өзү аныктоосу үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү (ПК-4);

-программанын бөлүмдөрүнүн, темаларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жана окуу планына ылайык предмет (предметтер) боюнча окуу сабактарын пландаштырууга жөндөмдүү (ПК-6);

-тексттердин ар кандай типтерин лингвистикалык (жана адабият таануучулук) көз караштан өз алдынча анализдөөгө жана интерпретациялоого жөндөмдүү (ПК-13);

ПКН6

Мектеп окуучуларын окутуу жана тарбиялоо ишмердүүлүгүн пландоо жана уюштуруу көндүмдөрүн демонстрациялайт.

-методикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмаларын (окутуунун моделдерин, методдорун, технологияларын жана жолдорун) билет жана окутуу сапатын баалоонун технологияларын колдонууга жөндөмдүү (ПК-2);

-билим берүү процесси үчүн инсанга багыттап окутуунун принциптерине жана туруктуу өнүгүү үчүн (сергек жашоо образы, жаратылышты коргоо жана үнөмдүү пайдалануу, энергоэффективдүүлүк, маданий көп түрдүүлүк, гендер, инклюзив ж.б.) окутуунун принциптерине ылайык оптималдуу шарттарды түзүүгө жөндөмдүү (ПК-3);

-окуучулардын түрдүү тармактардагы өнүгүү деӊгээлин (акыл-эс жактан, социалдык, моралдык ж.б. жактан) диагностикалай алат жана буга жараша ар кандай терс таасирлерге (зомбулук, алкоголду жана наркотиктерди колдонуу ж.б.) жол бербөө үчүн профилактикалык иштерди жүргүзө алат (ПК-9);

-тексттердин ар кандай түрлөрүн жана типтерин түзүү, трансформациялоо, иштеп чыгуу, интерпретациялоо, анализдөө ыкмаларын жана методдорун колдонууга жөндөмдүү (ПК-12);

ПКН7

Педагогикалык рефлекциядан кийин өз кесиптик ишмердигине сын көз караштан баа бере алат, анын негизинде өзүн өнүктүрүүгө жөндөмдүү.

-өз жетишкендиктерине жана кемчиликтерине сынчыл баа бере алат, кадыр-баркты өстүрүүнүн жана кемчиликтерди жоюунун каражаттарын тандай алат, жолдорун белгилей алат (СЛК-4);

-билим берүү программаларын өз алдынча тандай алат, аларга дидактикалык материалдарды таба алат жана аларды окуу процессинде педагогикалык рефлексиянын негизинде адаптациялагандан кийин пайдалана алат (ПК-5);

-окутуунун интерактивдүү методдорун жана формаларын колдонуу аркылуу педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө жөндөмдүү (ПК- 8);

-үйрөнүп жаткан тилде тилдин социомаданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык оозеки жана жазуу түрүндө пикир алышуунун стратегиясын түзө алат (ПК-14);

ПКН8

Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды анализдейт жана жалпылайт, аларды өз алдынча педагогикалык ишмердигинде пайдалана алат.

-математикалык/ табигый/ социалдык-гуманитардык илимдердин базалык жоболорун пайдалануу менен окуу жетишкендиктерин баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө, билим берүүнүн натыйжаларын болжолдоого жөндөмдүү (башкалардын жетекчилиги менен) (ЖК-3);

-маалыматты кабыл алууга, жалпылоого жана анализдөөгө, максат коюуга жана ага жетүүнүн жолдорун тандоого жөндөмдүү (ЖК-5);

-программанын бөлүмдөрүнүн, темаларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жана окуу планына ылайык предмет (предметтер) боюнча окуу сабактарын пландаштырууга жөндөмдүү (ПК-6);

-өткөрүлгөн профессионалдык рефлексиянын негизинде өз өнүгүүсү боюнча милдеттерди коё алат (ПК- 7);

-үйрөнүп жаткан тилде оозеки жана жазма кепти кабыл алуу, түшүнүү, ошондой эле көп аспектиден талдоо көндүмдөрүнө ээ болот (ПК-11);

ПКН9

Методикалык, психолого-педагогикалык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү көндүмдөрүн бекемдешет.

-изилдөөнүн планын иштеп чыгууга жана оӊдоп-түзөөгө, жыйналган маалыматтарды анализдөөгө жана интерпретациялоого /башкалардын жетекчилиги менен/ жөндөмдүү, колдонмо (прикладдык) илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү жүргүзүүгө даяр (ЖК-4);

-маалыматты алуунун, сактоонун жана кайра иштеп чыгуунун негизги методдоруна, ыкмаларына жана каражаттарына, компьютер менен иштөө көндүмдөрүнө ээ (ИК-1);

-үйрөнүүчүлөрдү социалдаштыруунун ыкмаларын, жолдорун, методикасын жана техникасын билет, үйрөнүүчүлөрдүн кесиптик өзүн өзү аныктоосу үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү (ПК-4);

-үйрөнүп жаткан тилдин адабияты, анын тарыхый өнүгүүсү жана учурдагы абалы жөнүндөгү билимдерге ээ болот (ПК-10);

-үйрөнүп жаткан тилде оозеки жана жазма кепти кабыл алуу, түшүнүү, ошондой эле көп аспектиден талдоо көндүмдөрүнө ээ болот (ПК-11);

Максаттар менен күтүлүүчү натыйжалардын байланыш схемасы

Максат – 1

Максат – 2

Максат – 3

ПКН1

+

ПКН2

+

ПКН3

+

ПКН4

+

ПКН5

+

+

ПКН6

+

+

ПКН7

+

+

ПКН8

+

+

ПКН9

+

+


1.4.Компетенциялардын матрицасы

Адаптациялык-педагогикалык практика

Кесиптик-базалык практика

Кесиптик-профилдик практика

кайт.комп.

Универсалдык компетенциялар

ЖК-1

+

1

ЖК-2

+

1

ЖК-3

+

1

ЖК-4

+

+

2

ИК-1

+

+

2

ИК-2

+

1

ИК-4

+

1

ИК-5

+

1

ИК-6

+

1

СЛК-1

+

1

СЛК-2

+

1

СЛК-3

+

1

СЛК-4

+

+

2

СЛК-5

+

1

Кесиптик компетенциялар

ПК-1

+

+

2

ПК-2

+

+

2

ПК-3

+

1

ПК-4

+

+

2

ПК-5

+

1

ПК-б

+

+

2

ПК-7

+

+

2

ПК-8

+

1

ПК-9

+

1

ПК-10

+

1

ПК-11

+

1

ПК-12

+

1

ПК-13

+

1

ПК-14

+

1

Комп.саны:

11

13

12