«ЛИЧНОСТТУН КЕСИПТИК ЖАКТАН ӨСҮҮСҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ» окуу-илимий лабораториясы

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

педагогика кафедрасынын

«ЛИЧНОСТТУН КЕСИПТИК ЖАКТАН ӨСҮҮСҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮСҮ»

окуу-илимий лабораториясы жөнүндө

ЖОБО

(Жобо ОшМУнун 2017-жыл, 30-ноябрдагы чечими менен бекитилген, протокол №2, буйрук №1374, 04.12.2017)

Ош - 2017

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.

«Личносттун кесиптик жактан өсүүсү жана өнүгүүсү» окуу-илимий лабораториясы (мындан ары лаборатория) Ош Мамлекеттик Университетинин педагогика кафедрасынын структуралык бөлүмү болуп эсептелет жана түздөн-түз кафедра башчысына баш ийет.

Өзүнүн ишмердүүлүгүндө лаборатория кафедранын ичинде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ОшМУнун ректорунун буйруктарына жана тескемелерине, уставына жана ички эмгек тартибинин эрежелерине баш ийет.

Лабораторияны жетектөө лабораториянын башчысына милдеттендирилет. Лабораториянын башчысы кафедра башчысынын жана жамааттын тандоосу менен дайындалат жана ал кызматтан алынат. Лабораториянын башчысы жок мезгилде (иш сапарда болгондо, ишке жөндөмсүз болгондо ж.б.) лабораториянын башчысы милдетин кафедранын мүчөсү аткарат.

II . ЛАБОРАТОРИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ.

Лаборатория финансылык штаттык тизимге (расписание) кирбейт. Лабораторияга жетекчилик башчы тарабынан жүргүзүлөт. Лаборатория жөнүндө жобо университеттин ректору тарабынан бекитилет, ал эми лабараториянын милдеттерин бөлүштүрүү кафедра башчысы тарабынан сунушталган кызматтык милдеттер менен ишке ашырылат.

III . ЛАБОРАТОРИЯНЫН НЕГИЗГИ МИЛДЕТТЕРИ БОЛУП ТӨМӨНКҮЛӨР САНАЛАТ:

ü билим берүү тармагында жана алардын негизги педагогикалык багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди ишке ашыруу;

ü жогорку квалификациядагы педагогикалык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, изилдөөлөрдө жаш окумуштуулардын, аспиранттардын жана магистранттардын, студенттердин катышуусун активдештирүү, магистранттардын жана студенттердин окуу-изилдөөчүлүк жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү;

ü илимий-усулдук маалыматтык ишмердүүлүктү педагогиканын негизги багыттары боюнча конференцияларды, семинарларды, төгөрөк столдорду уюштурууга жана өткөрүүгө катышуу жолу менен биргеликте ишке ашыруу;

ü монографияларды, окуу китептерин, окуу-усулдук куралдарды (пособия) биргеликте даярдоо жана басып чыгаруу.

Лабораториянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде жана тартибинде жоопкерчиликти тартышат.

IV . ЛАБОРАТОРИЯНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ БОЛУП ТӨМӨНКҮЛӨР САНАЛАТ:

ü жаңы илимий билимдерди алуу;

ü илимий-изилдөөчүлүк проекттерди өткөрүү;

ü инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү;

ü илимий-изилдөө жана окуу процессин эксперименталдык жабдуулар жана материалдар менен камсыз кылуу;

ü окуу процессин жалпы педагогикалык жана методикалык дисциплиналар боюнча окуу-усулдук жактан камсыз кылуу жана колдоо;

ü педдиагностикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө илимий жана усулдук жардамдарды көрсөтүү;

ü илимий жана окуу процесстеринде маалыматтык технологияларды өнүктүрүү;

ü билим берүү ишмердүүлүгүнүн жаңы системаларын, усулдарын жана формаларын бекитүү.

V . ӨЗ АРА МАМИЛЕ (КЫЗМАТТЫК БАЙЛАНЫШТАР).

Лаборатория өзүнүн ишмердүүлүгүн ОшМУнун психология жана методикалык кафедралары менен биргеликте аракеттенүү менен жүргүзөт.

Лаборатория психология жана методикалык кафедралары менен төмөнкү маселелер боюнча биргеликте аракеттенүүнү жүргүзөт:

- илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү пландоо;

- педагогикалык, психологиялык жардамдарды көрсөтүү;

- окуу-усулдук ишмердүүлүк.

VI. ЖУМУШТУ УЮШТУРУУ.

Жетекчинин орун басарлары болбойт. Анын жумушта жок мезгилинде лабораториянын башчысы милдетин кафедранын мүчөсү аткарат.

Кызматкерлердин милдеттери, ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери ушул Жобонун “А” тиркемеси болгон «Ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү матрицасында» көрсөтүлгөн.

Лабораторияда жумуш убактысынын төмөнкү тартиби белгиленген:

Жекшемби дем алыш күнү менен жумасына алты күндүк жумуш күнү. Жумуштун башталышы жергиликтүү убакыт боюнча – саат 9-00дө. Жумуштун аякташы – саат 16-30да. Эс алуу жана түшкү тамактануу үчүн дем алыш саат 13-00дөн 13-30га чейин. Ишемби күнү жумуштун башталышы – саат 9-00дө, ал эми жумуштун аякташы – саат 14-00дө.

Лабораториянын ишмердүүлүгү үчүн түздөн-түз көзөмөл кафедра башчысы тарабынан жүргүзүлөт.

Лаборатория университеттин ректорунун буйругу менен түзүлөт жана жоюлат.

VII. ЫЙГАРЫМ УКУКТАР.

Лабораторияга жүктөлгөн милдеттердин чегинде төмөнкү ыйгарым укуктар белгиленет:

ü Конференцияларды өткөрүү жана илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү жүргүзүү;

ü Материалдык базаны өнүктүрүү.

VIII. ЖООПКЕРЧИЛИКТЕР.

Ушул жободо каралган лабораториянын функцияларынын тийиштүү деңгээлде жана өз убактысында аткарылышы үчүн жоопкерчилик лаборатория башчысына жүктөлөт:

ü лабораторияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүн уюштуруу;

ü лабораторияда документтерди оперативдүү жана сапаттуу даярдоону жана толтурууну уюштуруу, колдонуудагы эрежелерге жана инструкцияларга ылайык иш кагаздарын жүргүзүү;

ü кафедранын кызматкерлери тарабынан эмгек жана өндүрүштүк тартипти сактоо;

ü кафедрага бекитилип берилген мүлктү жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

«Личносттун кесиптик жактан өсүүсү жана өнүгүүсү» окуу-илимий лабораториясынын кызматкерлеринин жоопкерчилиги кызматтык инструкциялар менен белгиленип аныкталат.


Тиркеме – А.

Ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү матрицасы

Ишмердүүлүктүн негизги түрлөрү

Лаборатория башчысы

Оккутуучулук-профессордук курам

Лабораторияда илимий-практикалык иштерди уюштуруу

ЖА

КА

Каффедрада усулдук иштерди уюштуруу

ЖА

КА

Лабораториянын окуу-көмөкчү кызматкерлерин түзүү

ЖА

кафедранын ишмердүүлүгү боюнча жумушчу пландарды, жумушчу программаларды иштеп чыгуу

ЖА

КА

Кызматкерлердин жекече иш пландарын пландоо жана аткаруу

ЖА

КА

Лабораториянын ишинин жылдык планын түзүү

ЖА

КА

Ж – жетектейт, чечим кабыл алат.

А – аткарылышына жооп берет.

К – аткарууга катышат.

М – маалыматты алат (аткарат, чечим кабыл алат).