Кафедранын тарыхы

Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын тарыхы

ОшМУда кыргыз тилин жана адабиятын окутуп-үйрөтүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо улуттук программанын өзөктүү миссиясына кирет. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамын ишке ашыруучу концепциялардын алкагында түзүлгөн.

Кафедра мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышына-өнүгүшүнө жана кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутууну ишке ашыруу, кыргыз элинин улуттук адабий-эстетикалык дөөлөттөрүн даңазалап жайылтуу аркылуу билим берүү процессине татыктуу салым кошуп келет. Учурда кафедрада 13 илимдин кандидаты, 11 доцент, 7 улук окутуучу, 10 окутуучу эмгектенет.

Кыргыз тилин окутуунун сапатын жакшыртуу максатында 1990-жылы факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы болуп алгач ирет түзүлгөн. Анда бир доцент, 12 окутуучу эмгектенип, кафедраны фил.и.к., доцент А.П.Назаров жетектеген.

1992-жылы кыргыз тилин улуттук тайпаларда окутуунун илимий, усулдук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, мамлекеттик тилге байланышкан иш-чараларды координациялоо максатында кыргыз филологиясы факультетинин курамына алынып, тил илими кафедрасына кошулган. Кафедра башчылыкка фил.и.к., доцент Т.Э. Нуруев дайындалып, анда 18 окутуучу иштеген.

1996-жылы факультеттин курамындагы мамлекеттик тил кафедрасы болуп кайра түзүлгөн. Кафедраны пед.и.к., доцент З.Б.Тагаева (1996-2000), фил.и.к. доцент К.И.Ибрагимовдор (2001-2002) жетектешкен.

2002-жылы кафедра структуралык жактан өзгөртүлүп, факультеттер аралык тилдер дисциплинасы кафедрасына кошулган.

2005-жылдын 6-январында факультеттер аралык кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасы болуп кайра түзүлүп, 2007-жылдын августуна чейин доцент Т.Нуруев жетектеген.

Кафедраны 2007-жылдан 2018-жылга чейин фил.и.к., доцент Ф.Алиева, 2018-жылдан 2020-жылга чейин пед.и.к., доцент М.Шарипова жетектеди. 2018-жылы республиканын ЖОЖдорунда кыргыз адабияты курсу окутула баштады.

Кафедра 2009-2010-окуу жылында кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин курамында болгон. 2010-жылы мамлекеттик тил кафедрасы деп аталып, факультеттин курамынан чыгарылып, 2018-жылы кайрадан кошулган. 2019-жылы аталган кафедра экиге бөлүнгөн.

2020-жылдын октябрь айынан баштап, 2023-жылдын апрелине чейин №1 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасын пед.и.к., доцент З.Ж.Каразакова, №2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасын доцент Ф.Алиева жетектеп келди.

2023-жылдын июнь айынан баштап, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасын конкурстук шайлоонун жана №2462-ФХД/23 буйруктун негизинде доцент З.Каразакова ийгиликтүү жетектеп келүүдө.

2021-2022-окуу жылынан баштап, кыргыз тили кесипке багытталып, тутумдук-деңгээлдик негизде окутула баштады. Учурда кафедрада 13 илимдин кандидаты (11 доцент), 7 улук окутуучу, 10 окутуучу жигердүү эмгектенүүдө.

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы. 2023-2024-окуу жылы

Аты-жөнү

Кызматы

Илимий даражасы

1

Каразакова Зувайда Жамиловна

Каф. башчысы, доцент

Пед.и.к

2

Абдувалиева Буаида

Доцент

3

Айбашова Тазагүл Матраимова

Окутуучу

4

Айтибаева Жыпаргүл Калыевна

Ул,окутуучу

5

Алиева Фарида Эсеновна

Доцент

Фил.и.к

6

Алишерова Элмира Өлбөсалиевна

Окутуучу

7

Аширова Тунук Курбанбековна

Окутуучу

8

Баатырбекова Элдана Осмоналиевна

Окутуучу

9

Бекмуратова Рахат Топчубаевна

Окутуучу

10

Давлатова Сара Жамаловна

Доцент

Фил.и.к

11

Дамилова Нурийла Ашырбаевна

Окутуучу

12

Закирова Бермет Абдикалиловна

окутуучу

13

Исмаилова Ризван Ураимовна

Доцент

Фил.и.к

14

Караева Назира Ормонбековна

Доцент

Фил.и.к

15

Койчуманова Гүлжан Кадыровна

Доцент

Фил.и.к

16

Маданова Кызбурак Жапаровна

Доцент

Фил.и.к

17

Максутова Жазгүл Жумабаевна

Ул,окутуучу

18

Мамадыева Гүлзар Бактыбековна

Ул,окутуучу

19

Мураталиева Уркуя Тойчуевна

Окутуучу

20

Осмонова Айгүл Сейдакматовна

Ул,окутуучу

21

Тахирова Назгүл Исраиловна

Доцент

Пед.ил.к

22

Тизекбаева Айша Оморбековна

Ул,окутуучу

23

Толубаева Гүлнара Мамыровна

Ул,окутуучу

24

Тургунбаева Сейил Жеңишбековна

Доцент

Фил.и.к.

25

Чотикеева Канышай Шариповна

Доцент

Фил.и.к

26

Шаимкулова Рьана Раимбердиевна

Ул,окутуучу

27

Кулуева Аида

Окутуучу

Бала кароо акысыз өргүүдө

28

Назарбек уулу Майрамбек

Окутуучу

Бала кароо акысыз өргүүдө