ОшМУнун тил борбору
ОшМУ - ТИЛ БОРБОРУ 24.04.2024 Кафедранын окутуучусу Бермет Закирова Ош шаардык мэриясынын кызматкерлерине "Сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу: кептик конструкциялар менен иштөө" аталышында семинар-тренинг өттү.






ТИЛ БОРБОРУ ИШИН УЛАНТУУДА КЫЗМАТТАШТЫК-ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ-СЕМИНАР
П.и.к З.Каразакова, п.и.к. Д.Жумабаева, улук окутуучулар Г.Мамадиева, Э.Алишерова, А.Осмоновалар 2024-жылдын 24-апрелинде БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИде “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына”, Баткен областынын 25 жылдыгына жана “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыкка арналып өткөрүлгөн илимий жумалыкта “Тилди деңгээлдеп окутуунун инновациялык усулдары” аттуу семинарды жогорку деңгээлде өткөрүштү. Бул семинарга Кызыл-Кыя уманитардык-педагогикалык институтунун, Кызыл-Кыя технология, экономикалык жана укук институтутунун, КГПИ орто билим берүү бөлүмүнүн, Индустриалдык-педагогикалык колледжинин профессордук-окутуучулук курамы катышты. Аталган окуу жайдын директору тарабынан сертификаттар тапшырылды.







ТИЛ БОРБОРУ — МЕКЕМЕЛЕРДЕ

Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлерине ОшМУнун тил борбору тарабынан бир жумалык «Кыргызтестке» даярдоо курсу өтүлдү.

Курстун аягында сабактар кызыктуу болгонун айтуу менен окутуучуларга ыразычылык билдиришти.

Мекеменин кызматкерлерине тесттен өтүүдө ийгиликтерди каалайбыз!



АВТОРДОН АЛГЫ САБАК

Кафедранын доценти Б.Абдувалиева жана окутуучу Т.Ашировалар 2024-жылдын 26-мартында Ош шаарындагы Октябрдын 70 жылдыгы атындагы N39 орто мектебинде сынчыл ойломдун стратегиялары боюнча семинар өтүштү. Доцент Б.Абдувалиева окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 8-9-класстарына өтүлүүчү кыргыз тили китебинин автору катары китептеги тексттерди, көнүгүүлөрдү, тапшырмаларды иштөөдө, сынчыл ойломдун ыкмаларын колдонуу боюнча кеп-кеңештерин айтып, мугалимдер менен аңгемелешип, ой бөлүштү. Семинар жогорку деңгээлде болуп, мектеп мугалимдери ыраазычылыктарын билдиришти.


ОшМУнун ТИЛ БОРБОРУ - МЕКТЕПТЕРДЕ

2024-жылдын 16-мартында кафедранын окутуучулары Т.Аширова, Ж.Максутова Ош шаарындагы №26 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиясына "Окутуудагы дидактикалык оюндар жана санариптик билим берүүдөгү платформалар" боюнча семинар-тренинг өтүштү. Семинар-тренинг максаттуу, жугумдуу жана натыйжалуу усулдук жардам болгондугун катышуучулар белгилешип, padlet аркылуу пикирлерин, ыраазычылыктарын билдиришти.

Тил борбору мекеме-ишканалар, билим берүү мекемелери ж.б. менен кызматташууну улантат.

Учурда "Кыргызтестке" даярдоо, окутуудагы интерактивдүү усулдар, ЖРТге даярдоо, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү ж.б. боюнча курстар өз ишин улантууда.


Кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинар

2024-жылдын 7-февралында Ош шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин иш кагаздарын жүгүртүүдө мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарын аткаруу жана сабаттуулукту арттыруу максатында кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарлары өткөрүлдү.

Кафедранын улук окутуучулары Г.Мамадыева, Ж Максутова шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерине кыргыз тилинде иш-кагаздарды жүргүзүү, кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуу-семинарын өтүштү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын мамлекеттик тилди пайдалануу талабынын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан мындай окуу-семинарлары жыл бою улантылат.

Бул жолу шаардагы 80 ге жакын мекеме-ишканалардын тиешелүү адистери окутулду.

https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=725692226416344&id=100069267193423&mibextid

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ — МЕКЕМЕЛЕРДЕ

Ош облусу боюнча кызматтын иш-аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн. 2024-жылдын 17-февралында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна кафедранын улук окутуучулары Гулзар Мамадиева, Жазгул Максутова “Кыргыз тилинин жазуу эрежелери”, “Иш кагаздарын жүргүзүүнүн типтүү нускамасы” аталышында 10 сааттык көлөмдө сабак өтүп беришти.

https://www.facebook.com/share/p/1QbH11NaseUHAGEU/?mibextid=Nif5oz


МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОРБОРУ ӨЗ ИШИН УЛАНТУУДА


2024-жылдын 27-февралында Ош шаарындагы Т.Г.Шевченко атындагы №19 орто мектебинде доцент Н. Караева «Тест түзүүнүн талаптары», окутуучу Т. Аширова «Санарип сабаттуулук – заман талабы» деген темы мектеп мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү максатында семинар өтүштү.

Описание: C:UsersAdminDesktopТунук 4.jpg

Описание: C:UsersAdminDesktopТунук3.jpg

Описание: C:Users AdminDesktopТунук3.jpg