Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы
Кафедранын девизи: Изденүү ийгиликке, ынтымак ырыскыга жеткирет
КАФЕДРАНЫН ПАСПОРТУ ЖАНА ПРОГРАММАСЫ
Факультеттер аралык кыргыз тили |
|
Кыскартылган аталышы |
ФАКТ |
Т үзүлгөн жылы |
1990-жылы |
Дисциплина |
ГСЭ. Кесиптик кыргыз тили, Тандоо курстары: Академиялык окуу жана жазуу, Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү; Кесиптик иш кагаздары. |
Кафедра башчысы |
Каразакова Зувайда Жамиловна, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент |
Катталуу картасы |
УДК индекстери:81-13 (811.512.154) КК01. Катталуу картасы |
Профессордук-окутуучулук курамдын контингенти |
Профессордук-окутуучулук курамдын жалпы саны -28. Илимдин кандидаты, доценттер – 13; Улук окутуучу – 7; Окутуучу – 8. |
Юридикалык дареги |
723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331 |
Сайты |
|
Электрондук дареги |
Кафедранын илимий багыты -
ЖОЖдордо кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуунун жана
кыргыз адабияты курсун окутуунун теориялык-усулдук
негиздеринөркүндөтүү
Кафедранын максат-милдеттери:
· Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамын жана Улуттук программанын максат-милдеттерин ишке ашыруу үчүн кеңири масштабдагы иш-аракеттерди жүргүзүү;
· кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуу жана кафедранын илимий багыты, изилдөө проблемасы боюнча түрдүү иш-чараларды уюштуруу;
· кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде үйрөтүү-окутуу жана кыргыз адабияты курсун окутуу боюнча окуу-көнүгүү китептерин, окуу куралдарын, окуу-усулдук колдонмолорду, сөздүктөрдү, хрестоматияларды, тексттер жыйнактарын иштеп чыгуу;
· чет элдик жана республиканын жогорку окуу жайлары жана мектептери менен кыргыз тилин эне тили, экинчи тил, чет тили катары окутуу жана кыргыз адабияты курсун окутуу багытында тыгыз кызматташтыкта иштешүү;
· окутуунун заманбап технологияларын өздөштүрүү, өндүрүшкө киргизүү жана жайылтуу;
· кесипкөй адистерди даярдоого, сапаттуу билим берүү процессине салым кошуу;
· профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу максатында өлкөдөгү, жакынкы жана алыскы мамлекеттердин окуу жайлары менен кызматташтыкты күчөтүү жана тажрыйба алмашуу үчүн ички-сырткы мобилдүүлүктү жигердүү ишке ашыруу, усулдук семинарларга, тренингдерге байма-бай катышуу;
· ЖОЖдордо кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде жана кыргыз адабиятын окутууну өнүктүрүү багытындагы изилдөөлөрдү күчөтүү.