НКББПнын максаттары жана милдеттери

 Квалификациянын жалпы мүнөздөмөсү

ОшМУда 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багыты боюнча орто билимдүү техниктерди даярдоо ушул ОКББ НКББП аркылуу ишке ашырылат.

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багытындагы орто билимдүү техниктерди даярдоодо, түзүлгөн НКББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтык аттестациясынан ийгиликтүү өткөн окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө «техник» квалификациясын ыйгаруу менен орто кесиптик билими тууралуу диплом берилет.

Программанын максаттары

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багыты боюнча техниктерди даярдоодогу негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары (М).

ОКББ НКББПнын инсанды окутуу жана тарбиялоо жаатында даярдоонун 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”  багыты боюнча төмөнкүдөй максаттарды коет:

М1. Орто кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамиле менен студенттердин социалдык-инсандык сапаттарын, адептик жана маданий баалуулуктарын калыптандыруу; бүтүрүүчүлөрдө жалпы билим берүү дисциплиналарын, экологиялык, экономикалык, математикалык жана техникалык билимдерди окутуунун натыйжасында мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарды колдонуу менен иштей алган, англис тилиндеги маалыматтарды колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон интеллектуалдуу, маданияттуу жана ата мекенди сүйгөн патриот инсанды тарбиялоо.

М2. Бүтүрүүчүнүн кесипкөй иш жүргүзүүсүн калыптандыруучу атайын тереңдетилген теориялык жана практикалык кесиптик билим берүү менен, адисти техникалык аспаптар жана материалдык техникалык каражаттарды аныктоого, тандоого, колдонууга, жалпы эле инструменталдык тейлөө технологияларын өздөштүрүүгө, билимдерин практикада колдоно билүүгө жана ар дайым өзүн өстүрүүгө үйрөтүү.

М3. Ишмердүүлүк чөйрөдө колдонулуучу аппараттык-программалык комплекстерди кураштырууну, орнотууну жана даярдоону жасай ала турган, эсептөө техникалары каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөөнү жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кыла алган бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу.

М4. Өз алдынча жана командада иштей ала турган, кесипкөй, өз ишинин нормаларын так билген, коомдук баалуулуктарды, мекемелердин ресурстарын коргой жана баалай билген, техникалык экономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөөгө жана аларды эффективдүү баалоого катыша алган ишенимдүү, жоопкерчиликтүү, сабаттуу, иш билги адисти даярдоо.

 Кесиптик милдеттери

230110 “Эсептөө техникалары каражаттарынын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багыты боюнча техниктерди даярдоонун кесиптик ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүнө жараша кесиптик милдеттери (КМ).

КМ1. Өндүрүштүк-технологиялык ишмердүүлүгү. Жалпы жана кесиптик билимдерди тереңдетүү аркылуу информацияларды иштетүүүнүн өндүрүштүк-технологиялык процесстеринде эсептөө техникалары каражаттары  жана компьютердик тармактарды уюштуруу жана техникалык тейлөө; кесиптик ишмердүүлүктүн объекттерин аныктоо жана эсептөө техникалары каражаттары  жана компьютердик тармактар колдонулуучу түрдүү социалдык чөйрөлөрдө талаптагыдай компетенттүү адис катары иш жүргүзүү; .

КМ2. Уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүк. Эсептөө техникалары каражаттары  жана компьютердик тармактарда жумушчу орундарды жана алардын техникалык жабдыктоосун уюштуруу, башкаруу жана тейлөө; чет тилдердеги техникалык терминдерди, инструкциялык колдонмолорду ж.б. тармактык булактарды чечмелеп колдонуу менен жаңы аппараттык-программалык каражаттарды ишке кийирүү, пайдалануу жана тейлөө;  аткарылуучу жумушту жана кеткен өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес чыгымдарды баалоо;.

КМ3. Түздөө-оңдоо ишмердүүлүгү. техникалык системдерди тажрыйбалык иштетүүгө киргизүү үчүн программалык жана техникалык түздөө; жабдыктарды, түзүлүштөрдү компоненттерден чогултуу; системага кошуу жана ишке кийирүү, каражаттарды өндүрүштүк иштетүүгө киргизүү үчүн программалык жана техникалык түздөө; Эсептөө техникалары каражаттары  жана компьютердик тармактарды жана алардын компоненттерин иштетүү үчүн сыноо жана ишке тапшыруу;

КМ4. Сервистик-иштетүү ишмердүүлүгү. компьютердик системанын негизги жана перифериялык түзүлүштөрүн кураштыруу, орнотуу саздоо жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо; компьютердик системалардын иштөөсүнүн көрсөтмөлөрүн, коопсуздук техникасынын эрежелерин, өндүрүштүк санитария ж.б. эреже-нормаларды түзүү.