НКББП жана аны пайдалануучулар
НКББП жана аны пайдалануучулар МББС ОКББ боюнча техниктерди даярдоо багытында НКББПны ишке ашыруудагы милдеттүү нормалардын, эрежелердин, талаптардын жыйындысы жана уюштуруучулук-усулдук документтерди иштеп чыгуу, лицензиясы же Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар, бардык ЖОЖдор жана орто кесиптик билим берүүчү билим берүү мекемелеринин уюштуруучулук-укуктук тариздерине карабастан орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелинет. 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” ОКББ программасы боюнча НКББПнын негизги пайдалануучулары болуп: - ЖОЖдордун администрациясы жана илимий-педагогикалык курамы (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер), өздөрүнүн ЖОЖдорундагы ошол багыт жана даярдоонун деңгээли боюнча илимдин, техниканын жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эсепке алып, негизги кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуучулар, натыйжалуу ишке киргизүү жана жаңылоо үчүн жооптуу адамдар; - ЖОЖдо даярдоонун ошол багытындагы негизги билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча өзүнүн окуу ишин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу студенттер; - тийиштүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү адистердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери; - Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органынын тапшыруусу боюнча негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окутуу-усулдук бирикмелер жана кеңештер; - орто кесиптик билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу мамлекеттик аткаруу бийлигинин мүчөлөрү; - орто кесиптик билим берүү системинде мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылуучу, орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө аттестацияны, аккредитацияны жана сапатка көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мүчөлөрү эсептелет.