НКББПны өздөштүрүүгө талаптар

НКББПны өздөштүрүүгө талаптар

Абитуриенттердин (талапкерлердин) даярдыгынын билим деңгээлине талаптар

Орто кесиптик билим берүүнүн «техник» квалификациясын алуу үчүн орто кесиптик билим алууга талапкер абитуриенттин тиешелүү толук же толук эмес орто билимдүүлүгү тууралуу аттестаты болушу зарыл жана анын билим деңгээли ЖОЖ тарабынан уюштурулган кирүү сынагы аркылуу аныкталат.

            ЖОЖдун НКББПны ишке ашыруудагы укуктарына жана милдеттүүлүктөрүнө карата жалпы талаптар

ЖОЖдор даярдоонун багыты боюнча негизги билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. НКББП Кыргыз Республикасынын даярдоо багыттары боюнча эмгек базарынын керектөөлөрүн эсепке алуу менен тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат.

ЖОЖдор НКББПны илимдин, маданияттын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн эсепке алып, ЖОЖдо билим берүүнүн сапатынын кепилдигин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөрдө камтылган сунуш-көрсөтмөлөрдү кармануу менен, жыл сайын каралат жана өзгөртүү, түзөтүүлөр болсо жаңыланат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегиялардын иштелмесинде;

- билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен рецензиялоонун мониторингинде;

- так макулдашылган чендин негизинде студенттердин билимдеринин жана билгичтиктеринин, бүтүрүүчүлөрдүн зиректүүлүгүнүн деңгээлин баалоонун объективдүү өтүү тартиптеринин иштелмелеринде;

- окутуучулар курамынын сапатын жана зиректүүлүгүн камсыз кылууда;

- бардык ишке ашырылуучу билим берүү программаларын жетиштүү каражаттар менен камсыз кылууда, аларды колдонуунун натыйжалуулугун көзөмөлдөөдө (мунун ичинде окуп жаткандарды сурап билүү жолу менен);

- өзүнүн ишмердүүлүгүн (стратегиясын) баалоо жана башка шайкеш билим берүү мекемелери менен катар коюп салыштыруу үчүн макулдашылган чендер боюнча өзүн-өзү изилдөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө;

- коомчулукту өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары, максаттары, жаңылоолору тууралуу маалымдоодо.

Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын күндөгү, аралыктык жана жыйынтык мамлекеттик аттестациясын камтышы керек. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү алардын жекече жетишкендиктерин тийиштүү НКББПнын этаптуу же түпкү талаптарга ылайык келгидей аттестациялоо үчүн баалоочу каражаттардын: типтүү тапшырмаларды, текшерүү жумуштарын, тесттерди ж.б. камтуучу билимдерди, билгичтиктерди жана ээ болгон зиректиктеринин деңгээлин баалоого мүмкүндүк берүүчү формалары түзөт. Баалоочу каражаттардын формаларын ЖОЖ иштеп чыгат жана бекитет.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө карата талаптар жогорку окуу жайдын белгиленген тартиби боюнча аныкталат.

НКББПны иштеп чыгууда ЖОЖду бүтүрүүчүлөрдүн социалдык-инсандык зиректигин (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү зиректерин, өзүн-өзү уюштурууну жана системдик-ишмердүүлүк мүнөздөгү өз алдынча башкарууну) түзүү мүмкүнчүлүктөрү аныкталуусу керек. ЖОЖ ЖОЖдун социалдык-маданий чөйрөсүн түзүп калыптандырууга, инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.

ЖОЖ окуу жараянынын социалдык-тарбиялык бөлүгүн студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү, студенттердин коомдук уюмдардын ишине катышуусун, спорттук жана чыгармачылык клубдарды, илимий студенттик коомдорду кошуп, өнүктүрүүгө көмөктөш болууга милдеттүү.

ЖОЖ студенттердин өзүнүн окуу программасын түзүүгө катышуусунун реалдуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

ЖОЖ НКББПны түзүүдө студенттерди алардын укуктары жана милдеттүүлүктөрү менен тааныштырууга, студенттер тандап алган сабактар алар үчүн милдеттүү болуп эсептелинерин, ал эми алардын суммалык эмгек сыйымдуулугу окуу циклинде каралгандан кем болбошу керектигин түшүндүрүүгө милдеттүү (ОшМУ Бюллетень №15).

            Студенттин НКББПны ишке ашыруудагы укуктарына жана милдеттүүлүктөрүнө карата жалпы талаптар

НКББПны өздөштүрүүдө натыйжалуулукка жетишүү максатында СИЖМКны өнүктүрүү бөлүгүндө студенттер студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышууга милдеттүү.

Студенттер ЖОЖдун НКББПсында алдын ала каралган бардык тапшырмаларды аныкталып белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттүү (ОшМУ Бюллетень №15).

            Студенттин окуу жүгүнүн максималдуу көлөмү

Студенттин окуу жүгүнүн максималдуу көлөмү анын аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу ишинин бардык түрлөрүн камтуу менен, жумасына 36 саат болуп белгиленет.

Жумасына аудиториялык сабактардын күндүзгү окуу таризиндеги көлөмүн ЖКББнын деңгээлин жана даярдоонун багытынын өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен, ар бир окуу сабагын үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 50% чектеринде мамлекеттик билим берүү стандарты аныктайт.

Күндүзгү окуу таризинде аудитордук сабактардын көлөмү жумасына 16 сааттан аз болбойт.

Окуу жылындагы каникулдук убакыттын жалпы көлөмү 7-10 жуманы түзөт, мунун ичинде кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Техниктерди даярдоонун НКББПнын түзүмүнө талаптар.

Техниктерди даярдоодо НКББП төмөнкү окуу циклдарында окутуу каралат:

  • жалпы билим берүү дисциплиналары
  • гуманитардык, социалдык жана экономикалык;
  • математикалык жана табыгый-илимий;
  • кесиптик;
  • практика (окуу-өндүрүштүк, квалификациялык-өндүрүштүк);
  • жалпы мамлекеттик аттестация.

Сабактардын кесиптик цикли базалык (милдеттүү түрдөгү) бөлүккө жана ЖОЖ тарабынан аныкталуучу вариативдик бөлүккө ээ болот. Вариативдик бөлүк базалык сабактардын мазмуну менен аныкталуучу билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берип, базалык сабактардын мазмунун аныктайт. Студент ээ болгон квалификацияга ылайык «бакалавр» академиялык даражасына жетишүү үчүн ЖКББнын кезектеги деңгээлинде билимин улантууга, ийгиликтүү кесиптик ишмердүүлүк үчүн тереңдетилген билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Окуу жараянын кадрдык камсыздоо

Техниктерди даярдоо НКББП сын ишке ашыруу системдик түрдө илим менен алектенген, илимий-усулдук терең тажырыйбага ээ жана берилген сабактан түздөн-түз эреже катары базалык билимдүү педагогикалык кадрлар ишке ашырат. Учурда МИТ факультетинде 230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” ОКББ адистиги боюнча жалпысынан 2 илимдин доктору, 8 илимдин кандидаты, 15 улук окутуучу жана 8 окутуучулук курам иш жүргүзүшөт.

Кесиптик циклдин окутуучулары, эреже катары кесиптик чөйрөгө ылайык иш тажрыйбалуу болуу менен НКББП боюнча билим берүү жараянын камсыздаган окутуучулардын сапаттык курамы талапка жооп берет.

            Окутуу жараянын укуктук-усулдук жана маалыматтык камсыздоо

Техниктерди даярдоо НКББПсын ишке ашыруу ар бир студенттин негизги билим берүү программасынын сабактарынын толук саны боюнча түзүлгөн  китепкана фондусуна жана берилген базаларга кирүү мүмкүнчүлүгү  камсыздалган. Китепкана фондунун толук жыйнагынан төмөнкү тизмеден 6дан кем эмес ата мекендик жана чет элдик журналдарга кирүү мүмкүнчүлүгү бар: «Мир ПК», «Компьютер-Пресс», «Электроника», «Информатика и образование», «Автоматика и вычислительная техника», «Микропроцессорные средства и системы» ж.б.

IT- технологиянын теориясынын жана практикасынын өтө тез өнүгүшүнүн натыйжасында негизги жана жардамчы адабияттарды төмөнкү сайттарда чыгарылуучу интернет булактардан алууга болот:

//window.edu.ru/window_catalog,

//fmi.asf.ru/Library/Book.

//itteach.ru

//intuit.ru  

//studfiles.ru

 www.iet.kg

ibooks.oshsu.kg

            Окутуу жараянын материалдык техникалык камсыздоо

Техниктерди даярдаган НКББПны ишке ашырган жогорку окуу жайлары учурдагы тазалык жана өрткө каршы эрежелерге жана ченемдерге туура келген, жогорку окуу жайлардын окуу планында каралган студенттерди тажрыйбалык, сабактык жана сабак аралык даярдоону, практикалык жана илим-изилдөө иштеринин бүт түрлөрүн жүргүзүүнү камсыздаган техникалык база менен камсыздалган.

Техниктерди даярдоо программасын ишке ашыруу үчүн минималдуу материалдык техникалык каражаттар төмөнкүдөй:

  • окуу амалияттары жана класстары азыркы учурдагы компьютерлер менен, интернетке чыгуучу бириккен локалдык эсептөө тармактарга туташкан; практикалык иштерди аткарууга студентке мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ар кандай архитектурадагы (бир ядердик, көп ядердик, параллель жана топтоштурулган процессорлор) электрондук эсептөө машиналары;
  • ЖОЖдун ЖБПсына ылайык ар бир сабак тиешелүү түрдө лицензияланган программалык продуктылар менен камсыздануусу.

Окуу процессин жабдуучу программалык каражаттар төмөнкүлөрдү камтыйт:

Базалык:

  • операциялык системалар;
  • программалоо тилдери (колдонуу чөйрөлөрү боюнча тилдердин түрлөрү (парадигмалар))
  • программалык чөйрөлөр (текстик процессорлор, электрондук таблицалар, персоналдык маалымат системалары, графиктик презентациялоо программалары, браузерлер, электрондук беттердин редакторлору, почталык клиенттер, растрдык графиктердин редакторлору, вектордук  графиктердин редакторлору, басып чыгаруучу системдер, иштеп чыгаруучу каражаттар);
  • чоңдуктар базасын башкаруучу системдер, чоңдуктарды сактоону  башкаруучу каражаттар, чоңдуктарды  көрсөтүүнү башкаруучу каражаттар;

Колдонмо:

  • чөйрөлөр боюнча колдонуунун маалымат системдери;
  • техникалык долбоорлоо.
  • тажырыйбалык изилдөө иштерин жүргүзүдө студентерди технопарктардагы жана бизнес инкубаторлордогу иштөө мүмкүнчүлүгү менен жабдуу.
  • ЖОЖ электрондук материалдарды колдонууда ар бир студентти сабакта жана өз алдынча даярдануусу үчүн компьютердик класста интернетке чыга ала турган жумушчу орундар менен жана инернетке чыгууну 100% камсыздайт.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө”  багыты боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердүүлүк аймагы болуп: “техник” катары, эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактар колдонулган ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрү эсептелинет.

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багытынын бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик ишмердүүлүктөрүнүн объектери болуп:

  • Электрондук ишкана компоненттерин техникалык тейлөө инструменттери жана методдору;
  • Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана системалар;
  • Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактар колдонулган түрдүү тармактагы мекеме, уюмдардын чарбалык субъектери;
  • Мамлекеттик жана жеке ишкана, уюм-мекемелердин эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактар менен жабдылган бөлүмдөр жана жумушчу орундар саналат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн түрлөрү:

230110 “Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө” багытынын техниктерди даярдоо адистиги төмөнкү түрдөгү ишмердүүлүктөрдү камтыйт:

  • өндүрүштүк –технологиялык;
  • уюштуруу – башкаруучулук;
  • түздөө-оңдоочулук;
  • сервистик-эксплуатациялоо.

Орто кесиптик билимдеги техниктердин кесиптик ишмердүүлүк түрлөрү алардын өздөрү, жогорку же орто окуу жайынын илимий-педагогикалык кызматкерлери жана жумуш берүүчүлөрдүн бирикмеси тарабынан аныкталды.

Бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапаттын баалоо

Жогорку окуу жайы даярдоонун сапатын камсыздоого кепилдик берет, анын ичинде:

  • жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн ишке тартуу менен бүтүрүүчүлөрдү  даярдоонун сапатын камсыздоо боюнча стратегиясын иштеп чыгат;
  • билим берүү программасын мезгил-мезгили менен рецензиялоо, мониторинг, бүтүрүүчүлөрдүн компетенциясын, студенттердин билимин жана ишке жөндөмүнүн деңгээлин баалоонун обьективдик иш тартибин иштеп чыгуу; окутуучулардын курамынын зиректүүлүгүн камсыздоо; жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүн ишке тартуу менен башка билим берүү мекемелери менен ишкердүүлүктөгү стратегияны жана салыштырмалуу баалоо үчүн макулдашылган критерий боюнча ар дайым өздүк баалоону өткөрүү жолу.

Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу аттестациясын жана студенттердин ортодогу аттестациясын, жетишүүчүлүктөрдү учурдагы текшерүүнү ичине киргизип негизги билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо.

Жогорку окуу жайы өз алдынча ар бир сабак боюнча учурдагы жана ортодогу билимди текшерүүнүн шарттарын жана айкын түрүн иштеп чыгып, аны студенттерге биринчи бир айдын ичинде билдирет.

Студенттерди, НКББПга коюлган этаптык шарттарга ылайык, алардын жекече жетишкендиктерин аттестациялоо үчүн (учурдагы жетишүүсүн текшерүү жана аралык аттестация) билимин, көндүмүн жана ээ болгон зиректүүлүгүнүн деңгээлин баалоого мүмкүнчүлүк берген типтик тапшырмаларды, текшерүү иштерин, тесттерди жана текшерүү ыкмасын ичине камтыган баалоочу каражат фонду түзүлгөн.

Баалоочу каражат фонду ЖОЖ тарабынан иштеп чыгарылат жана бекитилет.

Конкреттүү сабак берген окутуучулардан башка, тышкы эксперт катары иш берүүчүлөрдү, чектеш сабактарды окуган окутуучуларды активдүү ишке тартуу менен, студенттердин аралык аттестациясын жана жетишүүлөрүнүн учурдагы текшерүүсүнүн программасына, алардын кесиптик ишкердүүлүгүнүн келечегинин шартына максималдуу жакындатуу үчүн ЖОЖ тарабынан шарт түзүлгөн.

Студенттерге окуу жараянынын уюштуруусун жана сапатын толугу менен, ошону менен бирге кээ бир окутуучулардын иштерин баалоого мүмкүнчүлүк берилет.

Мамлекеттик жыйынтык аттестациясы дасыгуу иштерин коргоону (дипломдук долбоорду), Кыргызстан тарыхы боюнча жана жалпы кесиптик дисциплиналардын комплекстик сынагы боюнча мамлекеттик сынактарды камтыйт. Дасыгуу ишинин (дипломдук долбоордун) түзүлүшүнө жана көлөмүнө, мазмуунуна коюлган шарттар о.э. мамлекеттик сынакка коюлган шарттар ЖОЖ тарабынан аныкталат (ОшМУнун №2) .

Орто кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжасында студент төмөнкүлөрдү:

Билүүсү зарыл:

- мамлекеттик тил мыйзамынын негизинде иш алып барууну жана учурдун талабына ылайык иш кагаздарын жаза билүү,  өркүндөтүү жана өнүктүрүүнү;

- тарыхый процесстердин негизги мыйзам-ченемдүүлүктөрүн, Кыргызстандын тарыхый өнүгүшүнүн этаптарын, азыркы дүйнө жүзүндөгү Кыргызстандын орду жана ролу;

- философиянын негизги бөлүмдөрүн жана багыттарын, көйгөйлөрдү талдоонун философиялык ыкмалары жана жолдору;

- улуттук дөөлөттөрдү урматтоо жана улут аралык достукту, ынтымакты бекемдөө сезимдери калыптанат;

- биосферанын, экосистеманын түзүмү, организм менен чөйрөнүн өз ара катнашы, табийгатты коргоонун жана табигый ресурстарды рационалдуу колдонуунун экологиялык принциптери;

- сызыктуу алгебраны, аналитикалык геометрияны, дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдү;

- предикаттардын жана айтуунун логикасын;

- алгоритмдер назариятына жана алгоритмдик тилдерге киришүү;

- ыктымалдыктар назариятынын жана математикалык статистика негиздерин;

- электр жана магнетизмдин, механиканын негизги физикалык мыйзамдары жана фундаменталдык мыйзамдары;

- компьютердик технологиялардын, эсептөө техникасыны жана информатиканын заманбап өнүгүүсүнүн тенденцияларын;

- программалоонун базалык түшүнүктөрү жана принциптери, программалык продуктыны түзүнүн негизги этаптары;

- ЭЭМдин санариптик жана аналогдук элементтеринин мүнөздөмөлөрү жана түзүү негиздери;

- ЭЭМ менен иштөөнүн программалык жана техникалык заманбап каражаттары

- алгоритмдерди жана программаларды иштеп чыгуу технологияларын, ЭЭМде маселелерди чечүү жана каталарды жоюу ыкмаларын;

- маалымат коммуникациялык системдер жана технологиялар тармагындагы жалпы стандарттар;

- объектиге ылайык программалоо негиздерин;

- ар кандай маалымат системдери үчүн заманбап операциондук системдердин негиздери жана алардын маалымат базаларынын, аларды башкаруу системдеринин өзгөчөлүктөрү;

- желелик протоколдорду түзүүнүн, эсептөө системдерин уюштуруунун архитектуралык назарияттык негиздери;

- Интернет-технологияларынын негиздери;

- компьютердик системдердин маалымат коопсуздугун камсыздоо ыкмалары жана каражаттары;

- негизги электротехникалык, электрондук түзүлүштөрдүн, электрдик өлчөөчү приборлордук потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү жана иштөө принциптери, конструкциясы, касиети, колдонуу областы;

- электрондук түзүлүштүрдөгү жарым өткөргүч приборлорунун колдонуштары, микросхемаларды жасоонун ыкмалары, аналогдук жана санариптик электрондук түзүлүштөрдүн иштөө принциптери;

- Чет тилиндеги техникалык сөздүк, анын типтери жана колдонулушу;

- Профессионалдык пикир алмашуу;

- Айлана-чөйрөнү таанып-билүүдө жана илимдер системасында математиканын орду жана ролу;

- Практикалык маселелерди чечүүдө физикалык мыйзамдарды, эсептөө техникасын жана математикалык ыкмаларды колдонуу;

- Маалымат системалары жана анын архитектурасы;

- Маалымат системаларын классификациялоо;

- Маалымат системаларынын жашоо циклы.

Жасай билиши керек:

- социалдык-саясий жана илимий адабияттарды өз алдынча талдоону;

- иш кагаздарын туура жазууну, колдонууну. 

- талдоолордун жыйынтыктарын эске алуу менен өз ишмердиктерин пландаштырууну жана ишке ашырууну, мамлекеттик жана ырасмий тилдерде оозеки жана жазуу кептерин жакшы сүйлөө;

өзүнүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү негизги терминдерди жана кесиптик текстти которууда оозэки жана жазуу ыкмаларына ээ болуу;

-  улуттук оюндар жана алардын тарбиялык мааниси жөнүндө маалыматтарга ээ болуу;

- практикалык маселелерди чечүүдө физикалык мыйзамдарды, эсептөө техникасын жана математикалык ыкмаларды колдонууну;

- кесиптик чөйрөдөгү маселелерди чечүү, алынган жыйынтыктарды анализдөө;

- тармактык түзүмдөрдө, маалымат жана эсептөө системдеринде программдык-аппараттык каражаттарды колдонууну, комплекстөөнү, тандоону;

- маалымат жана эсептөө системдеринде программдык-аппараттык каражаттарды инсталляциялоо, тестирлөө, сыноо жана колдонууну;

- маселени коюу жана аны чечүүнүн алгоритмдерин иштеп чыгуу, негизги программдык каражаттарда иштеп чыгуу;

- заманбап программалоо системдери менен иштөө;

- операциондук системдердин конкреттүү конфигурацияларын күүлөө;

- маалымат базаларынын инфологиялык жана даталогиялык түзмөктөрүн иштеп чыгуу, МСны проектирлөөнү;

- клиент-сервер архитектурасын колдонуу;

- негизги аналогдук жана санариптик түзүлүштөрдү, эсептөө техникаларынын функционалдык түйүндөрүн түзүүдө интегралдык микросхемаларды колдоно алуу; электрондук техника түзүлүштөрүн иштеп чыгуу үчүн аналогдук жана санариптик интегралдык микросхемаларды тандоо

- автоматташтырылган жумушчу орундарды компьютер жабдуулары менен камсыз кылуу ыкмаларын үйрөнүү.

Аткара билүүсү керек:

- өзүнүн жеке көз карашын жазуу түрүндө далилдеп берүү көндүмүн;

- көпчүлүктүн алдында сүйлөй билүү, жүйөө далилдерди келтирүү, талаш-тартыш жана карама-каршы пикирдеги талкууларды уюштуруу, ар түрдүү талкуулардын логикасына  практикалык талдоо жүргүзүү көндүмдөрүн;

- мамлекеттик жана ырасмий тилдерде оозеки жана жазуу түрүндө тиешелүү денгээлде байланыша билүү, чет тилинде кесиптик багыттагы маалыматтарды алуу денгээлинде көндүмдөрдү калыптандырууну;

- дифференциалдык жана алгебралык теңдемелерди сандык ыкмалар менен чыгаруу;

- аналитикалык геометриянын, ыктымалдуулук назариятынын жана математикалык статистика ыкмаларын, математикалык логика жана алгоритмдер назариятынын ыкмаларын колдонуу;

- объектке багытталган программалоонун методдорун, касиеттерин, окуяларын колдонуу, долбоорлоонун методдорун жана каражаттарын, информациялык системаларды кайра түзүү

- процедуралык жана объектиге ылайык программалоо тилдери менен иштей билүү, бир жогорку деңгээлдеги программалоо тилинде программаны иштеп чыгуу жана оңдоо көндүмдөрү;

- ар түрдүү операциондук системдерде, серверлерде иштөө жана администрациялоо көндүмдөрү;

- маалымат базаларынын түзмөктөрүн заманбап каражаттарын сүрөттөө ыкмалары;

- чектүү желелерди конфигурациялоо көндүмдөрү, программалык каражаттар аркылуу желелик протоколдорду ишке ашыруу;

- техникалык тейлөө жумуштарын, иштеп чыгуу ыкмаларын жана каражаттарын колдоно билүү;

- электротехникалык приборлорду, аппараттарды жана машиналарды жүргүзүү, башкаруу жана алардын эффективдүү жана коопсуз иштөөсүн көзөмөлдөө;

- эл аралык техникалык терминологиялык түшүнүктөр, белгилөөлөр, стандарттар жана аларды чечмелөө;

- алгебранын, колдонмо геометриянын элементтеринин билимдер базасын жана теориялык, эксперименталдык маселелерди изилдөөдө математикалык методдорду колдонуу;

- өндүрүштүк (кесиптик) практикасынын жүрүшүндө кесиптик иштин бардык түрлөрү боюнча алган билимдерин бекемдөө жана өстүрүү;

- практиканын жыйынтыгын жана анализин, документациялык жумуштарды үйрөнүү.