ТЭКжКТТТ үчүн Компетенциялар жана алардын коддору

Компетенциялардын коддору.

 

А) Универсалдык:

Жалпы илимий (ЖИК):

1

Айлана-чөйрө жөнүндөгү илимий билимдердин толук системине ээ, маданияттын, турмуш-тиричиликтин баалуулуктарында багыт аныктоого жөндөмдүү

ЖИК-1

2

Кесиптик маселелерди чечүүдө математикалык / табигий / гуманитардык / экономикалык илимдердин негизги жоболорун колдонууга жөндөмдүү

ЖИК-2

3

Өз-алдынча заманбап билим берүү жана  маалымат технологияларын колдонуу менен жаңы билим алууга жөндөмдүү

ЖИК-3

4

Илимдеги, техникадагы жана технологиялардагы, профессионалдык чөйрөдөгү жаңы кубулуштардын социалдык-экономикалык жана маданий бүтүмдөрүн талдоого жана баалоого жөндөмдүү

ЖИК-4

5

Өзүнүн эмгегин илимий негизде баалоого жана өзүнүн иш-аракеттеринин жыйынтыгын жогорку даражадагы өз-алдынчалулуук менен баалоого жөндөмдүү

ЖИК-5

Аспаптык (АК):

1

Маалыматты кабыл алууга, жалпылоого жана талдоого, максат коюуга жана ага жетүүнүн жолдорун тандоого  жөндөмдүү

АК-1

2

Мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу сүйлөмдөрүн логикалык туура, аргументтүү жана ачык-айкын түзүүгө жөндөмдүү

АК-2

3

Социалдык баарлашуу деңгелинде чет тилдердин бирөөсүнө ээ болуу

АК-3

4

Маалыматты алуунун, сактоонун, кайра иштетүүнүн негизги усулдарына, ыкмаларына жана каражаттарына, маалымат башкаруунун каражаты катары  компьютер менен, анын ичинде глобалдык компьютердик тармактарда жана корпоративдик маалыматтар системдеринде, иштөөнүн шыктарына ээ

АК-4

5

Уюштуруу жана башкаруу чечимдерин иштеп чыгууга катышууга жөндөмдүү

АК-5

Социалдык-инсандык жана жалпы маданий (СИЖМК):

1

Коомдо кабыл алынган моралдык жана укуктук негизде социалдык өз-ара аракеттенишүүгө жөндөмдүү, элге сый, башка маданиятка толеранттуулук жана шериктештик мамилелерди колдоого даярдыкты көрсөтөт

СИЖМК-1

2

Өзүнүн жетишкендигин жана жетишпегендигин сын көз менен кароону, жетишкендиктерин өнүктүрүү  жана жетишпегендиктерин жоюуу жолдорун белгилөөнү жана каражаттарын табууну билет

СИЖМК-2

3

Активдүү граждандык позицияда болууга, граждандык демократиялык коомдун баалуулуктарынын негизиндеги диалогго жөндөмдүү жана даяр

СИЖМК-3

4

Сергек жашоо үлгүсүнө, табиятты коргоого жана ресурстарды рационалдуу колдонууга керек болгон билимдерин колдонууга жөндөмдүү

СИЖМК-4

5

Коллективде, анын ичинде дисциплиналар аралык долбоорлордо иштөөгө жөндөмдүү

СИЖМК-5

Б) Кесиптик (КК):

Өндүрүштүк-технологиялык ишмердүүлүк:

1

Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө боюнча жумуштарды аткарууга жөндөмдүү

КК-1

2

Эсептөө техникалары каражаттарын жана компьютердик тармактардын иштөөсүн камсыздоого жана алардагы бузулууларды аныктоого жана жоюуга  жөндөмдүү

КК-2

3

Программалардын алгоритмдерин иштеп чыгуунун принциптери жөнүндөгү билимдерге ээ болуу

КК-3

4

Программалоонун негизги ыкма, жол-жоболорун аныктоого жөндөмдүү

КК-4

5

Эсептөө техникалары каражаттарын профилактикалык тейлөө жумуштарын жүргүзүүгө жөндөмдүү

КК-5

6

Тармак админстраторунун функциялары жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-6

7

Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды комплектөөнүн, конфигурациялоонун жана настройкалоонун ыкмаларын билүү жана ишке ашырууга жөндөмдүү

КК-7

8

Тармакты көзөмөлдөө, күзөтүүгө жана админстрлөө функцияларын ишке ашырууга жөндөмдүү

КК-8

9

Типтүү программалык жабдууларды орнотууга, көнүктүрүүгө, күзөтүүгө жана эксплуатациялоону жүргүзүүгө жөндөмдүү

КК-9

10

Иштелип чыккан программалык жабдылыштарды орнотуу үчүн инсталяциялык пакеттерди түзүүгө жөндөмдүү

КК-10

11

Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөөнү уюштуруу жана жүргүзүүнүн негизги методдору жонүндө билимдерге ээ болуу

КК-11

12

Эсептөө техникалары каражаттарын жана компьютердик тармактардын техникалык абалын контролдоо жана бузулууларды аныктап текшерүүнүн, диагностикалоонун ыкма жана методдорун билет

КК-12

13

Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды комплектөөнүн, конфигурациялоонун жана настройкалоонун ыкмалары жөнүндө билимдерге ээ

КК-13

Уюштуруу-башкаруучулук ишмердүүлүктөрү:

14

Колдонуудагы нормативдик документтерге туура келген техникалык документацияларды колдонуу жана жасоого жөндөмдүү

КК-14

15

Түзүлүштөрдү, жабдыктарды жана өлчөө каражаттарын тандоо үчүн нормативдик жана маалымат берүүчү булактарды колдоно билүүгө жөндөмдүү

КК-15

16

Өндүрүштүк ишмердүүлүктүн негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн эсептөөгө жана алардын эффективдүүлүгүн баалоого жөндөмдүү

КК-16

17

Коопсуздук техникаларынын абалын анализдөө жана баалоого жөндөмдүү

КК-17

18

Операциялык система жана сервистик каражаттардын составы жана иштөө принциптери жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-18

19

Маалыматтар базасы, алардын моделдери, берилгендерди манипуляциялоо ыкмалары жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-19

20

Микропроцессордук системалардын составы, арналыштары, мүнөздөмөлөрү жана функциялары жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-20

21

Эсептөө техникалары каражаттары жана компьютердик тармактарды иштөө режимдери жана эксплуатациялоо эрежелери жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-21

22

Перифериялык түзүлүштөрдүн классификациялары, кураштыруу принциптери, иш-аракеттеринин физикалык негиздери жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-22

23

Эсептөө техникалары каражаттарын энергия булактарынын көрсөткүчтөрү, аракеттенүү принциптери жана параметрлери жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-23

24

Колдонуудагы нормативдик документациялардын негизги жоболору жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-24

25

Өндүрүштүк мекеменин ишмердүүлүгүн уюштуруу жана аларды башкаруунун негиздерине ээ

КК-25

26

Өндүрүштүк-чарбалык ишмердүүлүктө негизги көрсөткүчтөрдү аныктоого жөндөмдүү

КК-26

27

Эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугунун эрежелери жана нормалары жөнүндө билимдерге ээ болуу

КК-27

2.9. ЖОЖ тарабынан толукталган компетенциялар 

 

6

Компьютердик технологиялардын өнүгүү тенденцияларына жана базар экономикасынын талаптарына ылайык өз алдынча кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүүгө жөндөмдүү (ЖИК-6)

ЖИК-6

28

Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөөдө, ремонттоодо, каталарды жоюуда жана ишке кийирүүдө аппараттык-программалык камсыздандырууну оптималдуу жана туура жүргүзүүгө жөндөмдүү (КК-28)

КК-28