Жанылыктар

ОшМУ "Мыкты окуу жай" сынагында 1-орунга ээ болду

Ош шаардык мэриясы тарабынан мамлекеттик тил Мыйзамынын 26 жылдыгына карата үч айлык жарыяланып, анын алкагында "Мыкты окуу жай" сынагы болуп өттү. Сынакка биздин окуу жай да катышып, окуу жайлардын арасында 1-орунга ээ болду. Сынактын шарттарында атайын кыргыз тили кааналарынын жасалышы, техникалык жабдуулар менен толукталышы, окуу жайдын имаратынын мамлекеттик тилде жасалгаланышы каралып, бардык критерийлерге толук жооп берген. Биздин негизги утуштарыбызыдын бири-бардык факультеттерде жана коллеждерде мамлекеттик тил каанасынын бар болгондугу жана китепканасынын бай экендиги. Ушундай шартты түзгөн мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучуларына жана административдик жетекчиликтерге терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми журналистика факультетинде этнобуюмдар менен жасалаган каана комиссия мүчөлөрүнүн кызыгуусун жаратты. Аларга каананын ыңгайлуулугу, чыгармачылык менен жасалгандыгы кызыктырып, журналистика бөлүмүнүн башчысы Н. Мапаевага алкыш айтышты. Кааналар боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Диплом жана акчалай сыйлыкка ээ болду.
4098 16:31 22-09-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|