Жанылыктар

Мамлекеттик тил борборунун мүчөлөрү маданий иш-чараларга катышат

Сентябрь айы мамлекеттик тил майрамы менен коштолот эмеспи. Анын сыңары мамлекеттик тил борборунун мүчөлөрү да ар кандай иш-чараларга катышып, өздөрүнүн жигердүүлүгүн, чыгармачылыгын ар тараптуу көрсөтүшүп жатышат. Алсак, мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы, доцент Ф. Алиева "Мамлекеттик тилдин бүгүн жана эртеңи" деген темада мектеп мугалимдери катышкан семинарда доклад жасап, кызуу талкуу жаратты. Ал эми кафедранын окутуучусу Б. Апышова Баткен облусуна барып, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине 10 күндүк семинар өтүп келди. Ошондой эле, окутуучулар Б. Апышова жана Р. Шаимкуловалар Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы гимназия мектебине барып, сабак-талкуу, төгөрөк столго катышып, мамлекеттик тил боюнча өздөрүнүн омоктуу ойлорун билдиришти. Доцент Н.Мапаева мамлекеттик тил майрамына арналган иш-чараларга студенттери менен бирге катышып, тилибиздин күңгөй-тескейи тууралуу видеоролик даярдап, жалпы коомчулукка көсөткөнү жатат.
3404 16:46 22-09-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|