Жанылыктар

Орус филологиясы факультетинде тил майрамы белгиленди

Мамлекеттик тил майрамы орус филологиясы факультетинде белгиленип, салтанаттуу кечеге факультеттин деканы Г. Мадмарова баштаган агай-эжекелер катышты. Г.Мадмарова студенттерди 23-сентябрь - тил майрамы менен кызуу куттуктап, студенттерге чыгармачылык ийгилик, ден соолук каалады. Студенттер кечеде мамлекеттик тил жөнүндө көркөм окууларды, мамлекеттик ишмерлердин турмушунан сахналык көрүнүштөрдү, ыр-бийлерди аткарышты. Кеченин соңунда мыкты катышкан студенттерге Ардак грамоталар тапшырылып, кечени даярдаган окутуучуларга ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле, мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Гүлзар Мамадыева Ош облустук мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун Ардак грамотасы менен сыйланды.
3295 17:03 22-09-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|