«ЭкоЭтноТур» туристтик жүрүштөрүн улантууда
13:01
ТТТГФнын экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында уюштурулган “ЭкоЭтноТур” туристтик клубу Кыргызстандын түштүк аймагындагы табияты кооз аймактарга туристтик жүрүштөрдү уюштуруп келүүдө. Негизги максаты, студенттерди гид-экскурсоводдук ык-машыгууларга студенттик партадан үйрөтүп, калыптандыруу. Быйылкы окуу жылыбызда климаттын жумшак (кар аз түшкөндүктөн) болгондугуна байланыштуу кышкы туризм азыраак уюштурулуп жатат. 2022-жылдын 23-январында факультетибиздеги география адистигинде окуган студенттерибизге Алай районундагы Чыйырчык эс алуу жайына 1 күндүк тур уюштурулду (жеринде тейлөө, тамак-аш менен камсыздоо, жолдо географиялык шарт, климат ж.б. айтып берүү туризм программасынын студенттери аткарышты). Мүмкүнчүлүккө жараша дагы уюштурулмакчы.
190 13:01 26-01-2022