Haber

Туризм адистиги, Турикиядагы отелдер менен алакага аракет

Ош шаарында жайгашкан «Alman Akademisi» окуу борборунун директору Джурабаева Самара Абсаматовна менен бир топ жылдан бери биргелешип иш-чараларды өткөрүп жүрөбүз. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде билим алып жаткан туризм адистигинин 1-3-курстарынын студенттерине аталган окуу жайдын директору Самара Абсаматовна жана Туркиядагы «Anatolian Consulting» отелдер (сеть отелдер) компаниясынын Генералдык директору Махмут Экиджи конок лекция окушту. Жыйынтыгында, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор алынды. Мейман, генералдык директор мырза менен факультеттин деканы, профессор А.Г.Низамиев жолугушуп, мындан ары биргелешип иштөө, келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
147 10:17 10-03-2022

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|