Туризм боюнча биргелешип жумуштарды аткаруу үчүн коңшу өлкөлөр менен аракеттер болууда
10:47
Өзбекстан Республикасынын Наманган областындагы Касансай шаарында жайгашкан ООО “SAVANNA” туристтик компаниясынын чакыруусу менен экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти, коомчулук менен байланыш, жумуш берүүчүлөр менен иш алып баруу боюнча жоопту кызматкери, г.и.к., Э.К. Алайчиев жана туризм адистигин 1-курсунун студенти Сатимбаев Азамат 2022-жылдын 6-апрелинде Андижан шаарында болгон жолугушууга Ош шаарындагы “ЖИБЕК ЖОЛУ” ассоциациясынын делегациясынын курамында барып келишти. Жолугушууда туризм жана мото-велоспорт боюнча эл аралык достук мамилени жакшыртуу, келишимдерди түзүү, ички жана зыяратчылык туризмди биргелешип жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул жаатта жумуштар дагы улантылмакчы.
208 10:47 10-03-2022