Haber

Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкери, чет өлкөлүк долбооролор каржылаган семинарга катышууда

КРнын Улуттук банкы менен Германиянын Sparsenstiftung компаниясынын “Кыргызстан, Тажикстан жанаТүркмөнстандын айыл аймактарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, кичи жана орто бизнестин потенциалын чыңдоо” аталышындагы биргелешкен долбоорунун алкагында Ош областындагы финансылык сабаттуулук боюнча тренерлердин билимин өркөндөтүү максатындагы семинар, үстүбүздөгү жылдын 29-31-январы жана 1-февралында, Ысык-Көл областынын Сары-Ой айылындагы “Радуга” пансионатында өткөрүлдү. Кафедранын окутуучусу, география илимдеринин кандидаты Г.А.Момошева буга чейин Ош областындагы бир топ айылдарында семинар-тренинг өткөрүп келген эле, жогоруда аталган семинарга катышып, билимин жогорулатып келди. 2022-жылдын март айынан баштап, Ош областынын айыл калкы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды кайра жанданаруу пландалууда.
231 16:18 04-02-2022

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|