Haber

ТТГФнын туризм адистигинин кызматкерлери, студенттери билимдерин өркүндөтүүдө

2021-жылдын 1-2-декабрь күндөрү Германия кызматташтыгы уюмунун GIZ программасы боюнча GE-SED II улуттук координациялык кеңеши, Швейцариялык конфедерация (эл аралык-укуктук уюм) жана Кыргызстандагы үңкүрлөрдү коргоо уюму биргеликте уюштурган “Картографиянын негиздери жана туристтик маршруттарды даярдоо” аталышындагы (1 күн теориялык, 1 күн талаа шартында) тренинг өткөрүлдү. Тренингге Ош областындагы айрым турфирмалардын жетекчилери (өкүлдөрү) менен экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынан 2 мугалим жана 7 студент катышышып, сертификаттарга ээ болушту. Дестинация – Ош коомдук бирикмеси менен биргеликте мындай иш-чаралары уюштуруу дагы улантылмакчы.
147 14:10 26-01-2022

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|