Haber

Туризм адистигин студенти Кореяда болуп келди

Табият таануу, туризм жана агрардык технология факультетин туризм адистигин 2-курсунун, ТМ (б)-1-21 тайпасынын студентти Абасова Аймээрим 2022-жылдын 27-майында Корей тили боюнча оратордук конкурска катышып (Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн) 1 орунду жеңип, 1 жумалык Кореяга саякатка жолдомо утуп алган. 5-октябрдан 22-октябрага чейин аталган өлкөдө болуп, Седжонг Хакданг институтунда билимин өркүндөтүп келди. “Эч качан кыялындан баш тартпа, кандай жамандык, кыйынчылык болбосун, дайыма алдыга умтул! Ошондо гана кыялыңа жетесин", дейт биздин каарман. Аймээримдин баардык кыялдарынын ишке ашуусуна биз дагы эмгек жамааты чын жүрөктөн тилектешпиз!
200 11:08 23-12-2022

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|