Haber

ТТАТФда туризм адистигинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу

15-март 2023-жылы табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин туризм адистигинин 2018-жылкы бүтүрүүчүлөрү Марат уулу Нуристан жана Аматбеков Кайрат менен туризм адистигин студенттери жана мугалимдери жолугушуу өткөрүштү. Нурситан учурда ОшМУнун Кара-Суу гимназиясынын география мугалими болуп иштөө менен "СУПЕР МЭЭ" деп аталган эс тутумду өнүктүрүүчү курстун негиздөөчүсү. Мнемонист. 7 китептин автору (Эң, эң, эң деген китебин студенттик мезгилде жазган), КР президентинин стипендиясынын ээси болгон. Кайрат учурда “KGZ Transport Corp” логистикалык борборунда эмгектенет. Студенттик мезгилинде активдүү студент болгон. Англис тилинде эркин сүйлөйт, магистратурада окуу мезгилинде Порто (Португалия) университетинде тажрыйба алмашуу үчүн университеттин курамында барып келген. 2022-жылдын 31-декабрында Кыргызстандык альпинисттердин курамында (9 адам) Африкадагы Климанджаро чокусун багындырган. Жолугушуу суроо-жооптор менен уланып аябай кызыктуу өттү. Бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, замандын талабынан артта калбай, студенттик партадан аракеттенип кошумча тил үйрөнүү сыяктуу маселелерди айтышты. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр, учурдагы окуу планы менен таанышышып, сунуштарын беришти. Бул сыяктуу иш-чаралар дагы улантылмакчы, бүтүрүүчүлөр тейлөө чөйрөсүндө иштеп жаткан башка группалаштары менен дагы жолугушууга келүүнү убадалашты.
126 05:02 22-03-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|