Haber

Туризм программасынын кызматкерлери, эл аралык иштерге катышууда

2022-жылдын 30-ноябрынан 2-декабрына чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында "Жибек жолундагы туризм" аталышындагы “TITF-2022” эл аралык туристтик жарманке болуп өттү, иш-чарага табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин “Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм” кафедрасынын доценти г.и.к., Э.К.Алайчиев катышып келди. Иш-чаранын жүрүшүндө доцент Э.К.Алайчиев ОшМУнун туризм адистиги жана Ош облусундагы туристтик эс алууучу жайлар боюнча маалыматтарды катышуучуларга баяндоо менен жеке жолугушууларда Өзбекстандагы Самаркант, Ташкент, Наманган шаарларындагы ЖОЖдор жана туроператорлор менен келишимдер түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Негизинен, студенттерге мобилдүүлүктү уюштурууда көмөктөшүү, ОПКлардын тажрыйба алмашуусун жакшыртуу боюнча маселелер каралды.
163 16:00 23-12-2022

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|