Haber

Ош облусундагы туруктуу туризм

2023-жылдын 8-февралында “Ош облусунда туризмди өнүктүрүүдө туруктуу өндүрүү жана керектөөнү ишке ашырууда көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы 2023-2028-жылдар аралыгында Ош областындагы туризмди өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга арналган тегерек столго ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинен экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын башчысы доцент К.Т. Самиев, профессор А.Г. Низамиев жана доцент Э.К. Алайчиевдер катышышып, сунуштарын айтышты. Профессор А.Г. Низамиев “2023-2028-жылдарга Ош областында туруктуу туризмдин стратегиясы жана планы (долбоор)” аталышындагы презентация жасады. Тегерек столго КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, туризм департаментинин директорунун орун басары К. Кенжематова жана баардык райондордун акимдеринин туризм боюнча бөлүм башчылары катышышты. Тегерек стол, КРнын туризм тармагында энергиянын жана ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатуу (ПЭРЭТО) долбоорунун (атлаган долбоор ОшМУда ректордун буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат) демилгеси менен уюштурулду.
140 16:43 08-02-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|