Haber

ЭкоЭтноТур клубу маршруттарын жакынкы чет өлкөлөргө уюштуруп баштоодо

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетиндеги экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында түзүлгөн “ЭкоЭтноТур” клубу (жетекчиси улук окутуучу Ж.Султанов) 2023-жылдын 26-29-январь күндөрү Өзбекстан республикасынын Ташкент шаарына, жакынкы чет өлкөгө алгачкы турун уюштурду. Алгачкы сапар М.Улукбек атындагы Өзбекстан улуттук университети менен таанышып, география жана табигый ресурстар факультетинин жалпы жамааты, окуу-илимий лабораториялары, илимий багыттары жана картографиялык кааналары менен таанышып чыгышты. Кийинки маршрут Ташкент шаарындагы туристтик аймактарга: "Magic city" эс алуучу жайы жана заманбап эс алуучу жайы "Tashkent city" паркы менен таанышуу. Андан кийинки сапар “Эгемендүүлүк майданы” (биздин ак үй), шаардын метросу, туристтерди тейлөөчүү мейманканалар, Ташкент шаарын жогорудан кароочу “Теле мунара”, Орто Азиянын аш борбору “Беш казан” жана тамак-аш менен тейлөөчү улуттук ашканалары менен таанышуу болду. Андан кийин мамлекеттик “Жаныбарлар багы“, “Чорсу” базары жана улуттук кол өнөрчүлүк менен алектенген (туристтик буюм-тайымдарды жасоочу) кичи ишкерлердин ишканаларына болду. Кийинки турларды уюштурууга Ташкент шаарындагы туристтик борборлор (турфирма, мейманкана ж.б.) менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
128 10:24 31-01-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|