Haber

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СТУДЕНТТЕРГЕ САБАК ӨТҮҮ – ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШТАРДЫН НЕГИЗГИ БАГЫТЫ

ОшМУнун ТТАТ факультетинде билим берүү жаатында эл аралык алакалардын географиясын кеңейүү максатында. Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын профессору А.Г.Низамиев тажрыйба алмашуу, илимий конференцияларга катышуу, конок лекцияларын окуу ж.б. багыттарда көптөгөн чет өлкөлүк ЖОЖдор менен тыгыз байланышып иштеп келет. Мындай иш-чаралардын алкагында профессор А.Г.Низамиев чакырылган профессор макамында география багыты боюнча Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик университетинин бакалавр-студенттерине “Краеведение”, Карши мамлекеттик университетинин магистрлерине “Методология экономической и социальной географии”, туризм багыты боюнча Польшанын Помор академиясынын студенттерине “Анимация свободного времени в туризме” жана “Агротуризм” курстары боюнча онлайн режимде лекция окуп жатат. “Чет өлкөлүк студенттерге сабак өтүү ары жооптуу, ары кызыктуу” дейт профессор.
122 10:00 05-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|