Haber

Музейге кошкон салымым

ТТАТФнын туризм адистигинде 3-курста ТМ(б)-1-20 тайпасында окуган студенттер менен экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын ага окутуучусу К.Д.Калиловдун жетекчилигинде, Өзгөн тарыхый-археологиялык музей комплексинде өткөрүлүп жаткан “Музейге кошкон салымым” аталышындагы жашылдандыруу иш-чарасына катышып, павлония дарактарын өтургузууга жардам берип келишти. Музей менен илимий-изилдөө, базалык фонддорду биргелешип пайдалануу, семинарларды өткөрүү ж.б. боюнча келишимибиз бар. Студенттер Өзгөн тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Сарахсинин күмбөзүндө болушуп, аталган жайлардагы байыркы тарыхы, азыркы абалы (сакталышы) боюнча маалыматтарга ээ болуу менен учурда кыдырууда жүргөн туристтер менен пикир алмашууга ээ болушту. Эл аралык туризм предметинен бул сыяктуу экскурсия тибиндеги сабактар, регионубуздун туристтик аймактарына дагы улантылмакчы.
155 06:19 25-03-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|