Haber

ТТАТФда конок лекциялар

2022-жылдын 24-28-сентябрь күндөрү ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетине эл аралык илимий байланыштардын алкагында Польшанын Помор академиясынан делегация (Збигнев Осадовский, ректор, биологиянын доктору; Данута Герчиньска, проректор; Ян Кирвель, Биология жана Жер жөнүндө илимдер институтунун геоэкология жана геоинформатика кафедрасынын профессору, г.и.д., профессор; Богуслава Медвид, окутуучу) келди. Биринчи күнү окуу иштери боюнча проректор З.Божоновдун катышуусунда эки тараптуу келишимди узартуу иш-чарасы болду. Окумуштуу коноктор өздөрүнүн багыттары боюнча, география илимдеринин доктору, профессор Ян Кирвель “туризм” багытынын студенттери үчүн конок лекция окушту, мобилдүүлүк алкагында академияга баруу шарттарын тааныштырышты. Кыргызстандын географиясын жана экологиясын таанып-билүү максатында Чоң-Алай районуна (анын ичинде Ленин чокусуна) экскурсия жасалды. Аталган Европалык ЖОЖ менен кызматташуунун реалдуу иш-чараларын пландаштырдык.
131 07:34 06-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|