Haber

ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА - ЖАРКЫН ЖАШОО

2023-жылдын 3-6-апрелинде ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин базасында Ош шаарындагы ЖОЖдор аралык жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү боюнча семинар болуп өттү. Уюштуруучу: Agriculture and Finance Consultants GmbH (AFC) немец консалтинг компаниясы. Лекторлор Торстен Свобода (Германия) жана Жалилова Гульназ (Кыргызстан). Белгилей кетүүчү жагдай, экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы, Туризм академиясы жана ПЕРЕТО долбоору биргеликте ОшМУда атайын буйруктун негизинде “Туризмде энерго- ресурстук эффективдүүлүк” аталышында долбоордо иштеп жатабыз. Жашыл экономика ошол долбоорго улай эле өтө керектүү маалда уюштурулду. Семинарга кафедранын кызматкерлери катышып, активдүүлүгүн көрсөтүштү. Бул жолу экологияга, пайдалуу журум-турумубузду өзгөртүп, тамактануу рационубузга көңүл бурушубуз керектиги жөнүндө жакшы маалыматтарга ээ болдук.
160 07:25 11-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|