Haber

ЭкоЭтноТур клубунун жүрүштөрү уланууда

ТТАТФнын Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында уюштурулган ЭкоЭтноТур клубунун бул жолку маршруту Папан айыл аймагында жайгашкан Лаглан каньонуна болду. Турду факультеттеги туризм адистигинин 2-курсунун куратору Г.Базарбаева менен анын группасы уюштуруп, кыдыруучуларды география профилинин 4-курсунун студенттери жана академиялык мобилдүүлүк боюнча башка ЖОЖдордон (И.Арабаев ат.КМУдан 2-студент, Б.Осмонов ат.ЖаМУдан 3 студент) келген студенттер толуктады. Жүрүш учурунда катышуучулар экскурсия боюнча маалымат алышып, экскурсияны уюштуруунун мааниси, аймактын туризми, рельефи, климаты, калктын социалдык абалы, айыл чарбасы, рекреациялык өзгөчөлүгү менен таанышып келишти. Турлар дагы уюштурулмакчы
158 09:19 06-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|