Haber

Туризм адистигинин ОПК жана студенттери конференцияларга катышышууда

2023-жылдын 22-26 августунда табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин кызматкерлери жана студенттери (г.и.д., профессор Низамиев А.Г., г.и.к., доцент Обдунов Э.А., туризм багытынын студенттери Абасова А. (3-курс), Мамедиева А (2-курс)) Өзбек республикасынын Ташкент шаарында Сингапур менеджментти өнүктүрүү институту тарабынан уюштурулган “IV Millennials” аталышындагы туристтик фестивалга катышып келишти. Аталган иш-чарада профессор Низамиев А.Г. “Айыл туризми жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк: биргелешкен өнүгүү вектору” аталышындагы темада доклад окуду, андан сырткары “Fashion tourism” (туризм модасы), “Күндүн физикасы” илимий объекттиси көргөзмөлөрү алардын уникалдуу продукциялары менен таанышышты жана таттуу жүзүм плантацияларына барышты, меймандостук, сүрөт тартуу, гастрономия боюнча мастер-класстарга катышты.
112 03:38 04-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|