Haber

Туризм адистигинин окуу планын, НББПсын талкуулоо

2023-жылдын 20-июнунда ТТАТФта Сулайман-Тоо жана Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин туризмде башкаруу боюнча Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан Арис программасынын өкүлдөрү менен экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучу профессордук курамы, студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен аталган комплекстерди өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго ЮНЕСКОНУН өкүлү, Promotion Development center борборунун жетекчиси (Токтогулова Н.А.), аткаруучу директору (Каниметов К), Ош Дестинация коомдук бирикмесинин кызматкерлери (Алиев А.) жана туризм программасынын жумуш берүүчүлөрү катышышты. Аталган аймактарды туризм ресурсу катары өнүктүрүүдө адис катары сунуш-пикирлерибизди айттык жана изилдөө, долбоорлоо жумуштарына катыша турган болдук, ал эми студенттерибиз сурамжылоого волонтер катары жумуш аткарып берүүсү боюнча макулдашылдык. Тегерек столдун алкагында, келген меймандарга 600200 туризм программасынын Мамлекеттик стандарты, окуу планы жана НББПсы менен тарабынан программа жакшы түзүлгөндүгү белгиленип, учурдун талабына ылайык туризмде ЖАШЫЛ ТЕХНОЛОГИЯЛАРДЫ жана чет тилдерди окутууну дагы күчтөндүрүү боюнча сунуштар айтылды.
160 06:14 24-06-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|