Haber

ЭкоЭтноТур клубунун жүрүштөрү уланууда

Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын базасында уюштурулган ЭкоЭтноТур клубунун бул жолку маршруту Папан суу сакатагычынын аймагында жайгашкан (Суу сактагыч менен Ош шаары эң кооз көрүнгөн) адырга уюштурулду. Аймак шаарга жакын жайгашкандыктан, эс алуучулардын саны жакында аябагандай көп болот. Турду кафедранын улук окутуучусу, клубдун жетекчиси Ж.М.Султанов туризм адистигинин 1-курсунун группасына уюштуруп, академиялык мобилдүүлүк боюнча башка ЖОЖдордон келген студенттерди алып алууну унуткан жок. 1-курстун студенттерине клубдун максатын, кандай жумуш аткараарын, жоболору, эрежелери менен тааныштырып, рекреациялык ресурстун маани-мазмуну, уюштуруу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Туризмдеги эң негизги принцип болгон, тазалык дагы унутулган жок. Жүрүш учурунда 1-курстун студенттерине турларды кантип уюштуруу, талаада техникалык-коопсуздук эрежелерин кантип сактоо, кези келгенде силер дагы жооптуу болуп, тур уюштурганда эмнелерге көңүл буруу ж.б. боюнча маалымат алышты. Турлар дагы уюштурулмакчы.
176 09:42 06-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|