Haber

ТТАТФда илим жумалыгы кызуу жүрүп жатат

Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын илим күнү жогорку деңгээлде уюштурулду. Кафедрадагы илим күнүнө карата жумуштар эки күнгө бөлүнүп, төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлдү: 1. 22-апрель бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө карата “География - тагдырдын кесиби” аталышында географиялык кече менен башталган иш-чара 19-апрель күнү башталган (1-теориялык тур, география адистигинин студенттери арасында). Кечеге жооптуу кафедранын ага окутуучусу Султанов Ж.М. 2. 20-апрель кафедранын профессордук-окутуучулук курмынын илимий докладдары менен башталып, “География - тагдырдын кесиби” аталышындагы (ГЕО-креатив бөлүгү) кеченин уландысы менен коштолду. 3. «Студенттердин илимге болгон кадамы» аттуу темада туризм адистигинде окуган студенттердин илимий жетекчилери менен даярдалган илимий докладдарын окушуп, суроо-жооптор, талкуулар менен өтө кызыктуу уланды. 4. Туризм адистигинин 3-курсунун (ТМ(б)-1-20 тайпасы, куратору Кенешбаева Д.С.) демилгеси менен “Туристтик слеттон бир көрүнүш” аталышындагы мастер-класс жалпы студенттерге, конокторго көрсөтүлдү. Жыйынтыгында кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын демөөрчүлүгү менен уюштурулган сыйлыктар (диплом, грамота, жолдомо, китептер ж.б.) эки күндүн иш-чарада активдүүлүгүн көрсөткөн жана географиялык кечеде байгелүү орундарды ээлеген студенттерди жана командаларды сыйлоо менен жыйынтыкалды.
170 09:50 20-04-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|