Haber

Эл аралык конференцияларга туризм адистигин магистранттары дагы катышышууда

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын кызматкерлери (профессор Низамиев А.Г., доценттер Ибраев С.А., Момошева Г.А.) жана магистранттары (Абдурашитова А.А., Сагынбек кызы Г., Сатарова У.М.) 2023-жылдын 22-23 сентябрында Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинде “Фергана өрөөнүндө туризмди өнүктүрүүнүн келечеги жана аймактык өзгөчөлүктөрү” аталышындагы эл аралык конференцияга катышып келишти. Профессор Низамиев А.Г. пленардык жыйында доклад окуду, эки тараптуу кызматташууну дагы жакшыртуу боюнча талкуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын алкагында элдик көркөм кол өнөрчүлүк борбору (жибек борбору) жана Маргилан шаарындагы Каптарли мазарда болушту. Туризм багытындагы магистранттар үчүн аталган иш-чарага катышуу алардын кесиптик ык-машыгууларын дагы өркөндөтүүгө көмөк болмокчу.
162 03:42 04-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|