Haber

ОшМУнун туризм адистигинин студенттери эл аралык студенттик конференцияда

2023-жылы 17-ноябрда Ташкент шаарындагы Alfraganus университетинде болуп өткөн “Үчүнчү ренесанс - билим жана өнүгүү: өтмүш, бүгүн жана келечек” аттуу I эл аралык студенттик конференцияга ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин туризм программасынын 1-курсунун магистранты Сагынбек кызы Глафира (илимий жетекчиси проф. А.Г.Низамиев), туризм программасынын бакалавр багыты боюнча 4-курсунун студенттери Нурбек кызы Нургиза жана Абдурашит кызы Канзаадалар (илимий консультанты доцент Г.А. Момошева) катышышып келишти. Магистрант жана студенттер өздөрүнүн изилдеген темалары боюнча кызыктуу доклад окуп, сертификатка ээ болушту. Группаны экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын окутуучусу Базарбаева Гүлкайыр жетектеп барды.
200 05:05 21-11-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|