Haber

Туризм адистигин студенттери тажрыйбалары менен бөлүшүштү

2023-жылдын 24-сентябрында табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде жайкы каникуль мезгилинде чет өлкөлөргө барып практика өткөрүп келген туризм адистигин 2-3-курсунун студенттери адистикте окуган студенттер үчүн чет өлкөдөн (Германия менен Турциядан) алган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. КРнын министрлер кабинетинин төрагасынын токтомуна ылайык (жайкы каникуль мезгилинде студенттердин чет өлкөлөрдө жумуш иштөөсүн камсыздоо) жана ОшМУнун жетекчилеринин колдоосу менен туризм адистигин бир топ студенттери чет өлкөлөрдө тейлөө чөйрөсүндө иштеп, тажрыйба топтоп келишти. “Миң уккандан бир көргөн артык” демекчи, студенттер чет өлкөдө алган таасирлери, туш болгон кыйынчылыктары, жөнөөрдөн алдын эмнелерге көңүл буруу зарылдыгы ж.б. боюнча презентацияларды жасап, кенен айтып беришти.
185 08:24 24-10-2023

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|